Жылнаама 1-китеп 9:1—44
9 Ысрайылдыктардын баарынын санжырасы түзүлүп, Ысрайыл падышалары жөнүндөгү китепке жазылган. Жүйүттүн эли Кудайдын алдында күнөөгө баткандыктан Бабылга* туткундалып кеткен.+
2 Мурун жашаган шаарындагы менчик жерлерине биринчилерден болуп дин кызматчылар, лебилер жана башка ысрайылдыктардын айрымдары, ошондой эле ибадатканада кызмат кылган кулдар*+ кайтып келишкен.
3 Жүйүттүн,+ Бенжеминдин,+ Эпрайымдын, Менашенин урпактарынын айрымдары Иерусалимге отурукташкан.
4 Алардын арасында Жүйүттүн уулу Перестин+ урпактарынан Банинин уулу Имринин уулу Омринин небереси, Амиюттун уулу Утай,
5 Шилонун урпактарынан тун уулу Асая менен анын уулдары болгон.
6 Зерактын+ урпактарынан болгон Жеуел да Иерусалимге кайтып келген. Кайтып келгендердин ичинде алардын 690 эркек тууганы болгон.
7 Иерусалимге отурукташкан Бенжеминдин урпактары: Асенуйдун уулу Одабиянын небереси, Мешуламдын уулу Салу,
8 Жерохамдын уулу Ипнея, Михринин уулу Узинин уулу Эла жана Шепатиянын уулу Мешулам. Шепатия Ребулдун, Ребул Ипниянын уулу болгон.
9 Алардын ата-теги боюнча санжырага жазылган 956 уруулаш тууганы да Иерусалимге кайтып келген. Алардын баары урук башчылары болгон.
10 Дин кызматчылар: Жедая, Жеарип, Жахин+ жана
11 Хилкиянын уулу Азария. Хилкия Мешуламдын, Мешулам Садоктун, Садок Мераоттун, Мераот Акитуптун уулу болгон. Ал чыныгы Кудайдын үйүндөгү* башчылардын бири болгон.
12 Малкиянын уулу Пашкурдун небереси, Жерохамдын уулу Адая жана Адиелдин уулу Масай да дин кызматчы болушкан. Адиел Жахзердин, Жахзер Мешуламдын, Мешулам Мешилемиттин, Мешилемит Имердин уулу болгон.
13 Ошондой эле алардын арасында 1 760 уруулаш тууганы болгон. Алар чыныгы Кудайдын үйүндөгү кызматты аткарганга жарактуу, күчтүү урук башчылары эле.
14 Лебилер: Мераринин урпактарынан Хашабиянын уулу Азрикамдын небереси, Хашуптун уулу Шемая,+
15 Бакбакар, Хереш, Галал, Асаптын уулу Зихринин небереси, Миханын уулу Матания,
16 Жедутундун уулу Галалдын небереси, Шемаянын уулу Обадия, ошондой эле нетопалыктардын+ конушунда жашаган Элкананын небереси, Асанын уулу Берекия.
17 Дарбазачылар:+ Шалум, Акуп, Талмон, Акиман. Алардын тууганы Шалум алардын башчысы болгон.
18 Мурун ал чыгыш тарапта жайгашкан падышанын дарбазасын кайтарчу.+ Булар лебилердин конушун кайтарышкан.
19 Корактын уулу Эбиасаптын небереси, Коренин уулу Шалум жана анын Корактын тукумдарынан болгон туугандары дарбазачылардын чатырдагы кызматын көзөмөлдөшкөн. Ал эми алардын аталары Жахабанын конушунун кире беришин кайтарганга жооптуу болушкан.
20 Мурун алардын башчысы Элазардын+ уулу Пинехас+ болгон. Жахаба аны дайыма колдоп турган.
21 Мешелемиянын уулу Закарыя+ жолугушуу чатырынын кире беришин кайтарган.
22 Кире бериштерди кайтарганга тандалгандардын саны 212 болгон. Алар өздөрүнүн конуштарына санжырага жазылганы боюнча+ жайгашышкан. Дөөтү менен көрөгөч+ Шемуел аларга ошол жооптуу кызматтарды тапшырышкан.
23 Алар менен уулдарына Жахабанын үйүнүн дарбазаларын кайтарганга байланышкан ар кандай иштер тапшырылган.+ Ал үй мурун чатыр болчу.
24 Алар анын чыгыш, батыш, түндүк, түштүк тарабындагы дарбазаларын кайтарышкан.+
25 Конуштарда жашаган туугандары болсо мезгил-мезгили менен 7 күнгө келип, аларга жардам берип турушу керек болгон.
26 Ал эми дарбазачылардын төрт башчысы жооптуу кызматтарга дайындалган. Ал лебилер чыныгы Кудайдын үйүндөгү казыналар менен бөлмөлөргө* жооптуу болушкан.+
27 Алар түнү менен чыныгы Кудайдын үйүнүн айланасындагы ордуларында турушчу, себеби аны кайтарып, күнүгө эртең менен дарбазаларды өздөрүнө тапшырылган ачкыч менен ачып турушчу.
28 Алардын айрымдары кызматта колдонулган буюмдарга жооптуу болушкан,+ тактап айтканда, аларды алып киргенде да, алып чыкканда да санап турушкан.
29 Кээ бирлери башка буюмдарга, ыйык буюм-тайымдардын баарына,+ эң жакшы унга,+ шарапка,+ майга,+ ладан*+ менен бальзам майына+ жооптуу болушкан.
30 Дин кызматчылардын уулдарынын айрымдары бальзам майын аралаштырып жыттуу майларды жасашкан.
31 Корактын тукумдарынан болгон Шалумдун тун уулу Матития деген леби көмөч казанга бышырылчу нандарга жооптуу болгон.+
32 Алардын уруулаштарына, Кааттын урпактарынын кээ бирлерине, үстү-үстүнө коюла турган нандарды*+ дем алыш сайын+ бышырып туруу тапшырылган.
33 Леби уруусундагылардын урук башчылары, ибадатканадагы бөлмөлөрдөгү ырчылар, өздөрүнө тапшырылган иштерди күнү-түнү аткарышкандыктан башка милдеттерден бошотулушкан.
34 Алар Леби уруусундагы ата-теги боюнча санжырага киргизилген урук башчылары болушкан. Баары Иерусалимде жашаган.
35 Гибондун атасы Жиел Гибондо+ жашаган. Аялынын аты Мааха болгон.
36 Анын уулдары: тун уулу — Абдон, андан кийинкилери — Зур, Киш, Баал, Неир, Надап,
37 Гедор, Ахио, Закарыя, Миклот.
38 Миклоттон Шимам төрөлгөн. Алардын баары Иерусалимде уруулаштарынын* жанында жашашкан.
39 Неирден+ Киш төрөлгөн. Киштен Шабул,+ Шабулдан Жонатан,+ Малкишуа,+ Абынадап,+ Эшбаал төрөлгөн.
40 Жонатандан Мерибаал,+ Мерибаалдан Микей+ төрөлгөн.
41 Микейдин уулдары: Питон, Мелек, Тахрей, Ахаз.
42 Ахаздан Жара төрөлгөн. Жарадан Алемет, Азмабет, Зимри төрөлгөн. Зимриден Моза төрөлгөн.
43 Мозадан Бинеа, Бинеадан Репая, Репаядан Элеас, Элеастан Азел төрөлгөн.
44 Азелдин Азрикам, Бохру, Ысмайыл, Шеария, Обадия, Ханан деген 6 уулу болгон. Булардын баары Азелдин уулдары болгон.
Шилтемелер
^ Вавилонго.
^ Же: «нетиндер». Сөзмө-сөз: «берилгендер», башкача айтканда, Кудайга кызмат кылыш үчүн берилгендер.
^ Же: «ибадатканасындагы».
^ Же: «ашканаларга».
^ Б. а. Кудайдын алдында дайыма турушу керек болгон нандар.
^ Бенжемин уруусундагылар жөнүндө сөз жүрүп жатат.