Жылнаама 2-китеп 11:1—23
11 Ысрайылдыктар менен согушуп, падышалык бийликти өзүнө кайтарып алыш үчүн Рехабам Иерусалимге кайтып келер замат бүт Жүйүт менен Бенжемин урууларынан+ 180 000 дасыккан* жоокер чогултту.+
2 Ошондо чыныгы Кудай Жахаба Шемая+ деген пайгамбарына:
3 «Сулаймандын уулу Жүйүттүн падышасы Рехабамга, Жүйүт менен Бенжемин уруусундагылардын баарына:
4 „Жахаба мындай дейт: “Боордошторуңар менен согушканы барбагыла. Үйлөрүңөргө кайткыла, анткени бул менин эрким менен болду”,— деп айт“»,— деди.+ Алар Жахабанын тилин алып, Жеробам менен согушканы барбай, үйлөрүнө кайтышты.
5 Рехабам Иерусалимде жашады. Ал Жүйүт жерине чептүү шаарларды курду.
6 Ошол шаарлар булар: Бетлехем,+ Эйтам, Текоя,+
7 Бет-Сур, Соко,+ Адулам,+
8 Гат,+ Мареша, Зип,+
9 Адорайым, Лакиш,+ Азек,+
10 Сора, Айлон,+ Хеброн.+ Булар — Жүйүт менен Бенжемин урууларынын жериндеги чептүү шаарлар.
11 Рехабам ушул чептүү шаарларды чыңдап, аларга башчыларды дайындады жана ал шаарларды азык-түлүк, май, шарап менен камсыз кылды.
12 Баарын чоң калкан, найзалар менен камсыз кылып, аларды абдан чыңдады. Рехабам Жүйүт менен Бенжемин уруусуна андан ары да бийлик кыла берди.
13 Бүт Ысрайылдагы дин кызматчылар менен лебилер жашаган жерлеринен келип, анын тарабына өтүштү.
14 Лебилер талаалары менен мүлкүн калтырып,+ Жүйүт менен Иерусалимге келишти, анткени Жеробам менен анын уулдары аларды Жахабанын алдындагы дин кызматчылык милдетинен четтетип салышкан эле.+
15 Жеробам, теке сымал жиндер*+ менен өзү жасаган музоолорго кызмат кылышы үчүн,+ сыйына турган бийик жерлерге* өзүнүн дин кызматчыларын дайындады.+
16 Ысрайылдын бардык урууларынан Ысрайылдын Кудайы Жахабага бүт жүрөгү менен сыйынгысы келгендер ата-бабаларынын Кудайы Жахабага курмандык чалыш үчүн дин кызматчылар менен лебилердин артынан Иерусалимге келишти.+
17 Алар 3 жыл Дөөтү менен Сулаймандын жолун жолдошту, ошондуктан 3 жыл Жүйүттүн падышалыгын бекемдеп, Сулаймандын уулу Рехабамды колдошту.
18 Рехабам Дөөтүнүн уулу Жеримоттун кызы Махалатты аялдыкка алды. Махалаттын энеси Абикейил Жышайдын уулу Элиаптын+ кызы болгон.
19 Махалат ага Жеуш, Шемария, Захам деген уулдарды төрөп берди.
20 Андан кийин ал Абышаломдун+ небереси Мааханы аялдыкка алды. Ал ага Абияны,+ Атайды, Зизаны, Шеломитти төрөп берди.
21 Рехабам башка бардык аялдары менен токолдоруна+ караганда Абышаломдун небереси Мааханы жакшы көрчү. Анын 18 аялы, 60 токолу бар болчу. Алар ага 28 уул, 60 кыз төрөп беришти.
22 Рехабам Мааханын уулу Абияны падыша кылгысы келгендиктен аны бир туугандарына башчы, жол башчы кылып дайындады.
23 Ал акылдуулук кылып, айрым уулдарын бүт Жүйүт уруусу менен Бенжемин уруусунун жериндеги ар кайсы чептүү шаарларга+ жайгаштырып, аларга азык-түлүктү мол берип, көп аял алып берди.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «тандамал».
^ Аларга сыйынгандар, сыягы, аларды текеге окшогон саксайган жандыктар катары элестетишчү.