Жылнаама 2-китеп 17:1—19

  • Жошапат Жүйүткө падыша болот (1—6)

  • Эл окутулуп-үйрөтүлөт (7—9)

  • Жошапаттын аскердик күчү (10—19)

17  Асанын ордуна уулу Жошапат+ Жүйүткө падыша болду. Ал Ысрайылга үстөмдүк кылып, бийлигин чыңдай баштады. 2  Жүйүттөгү чептүү шаарлардын баарына аскерлерин жайгаштырып, Жүйүт жерине жана Эпрайым уруусуна таандык жердеги атасы Аса басып алган шаарларга күзөтчүлөрдүн топторун койду.+ 3  Ал чоң аталарынан болгон Дөөтүнүн жолун жолдогондуктан+ жана Баалдарга сыйынбагандыктан, Жахаба аны колдоп жатты. 4  Жошапат дайыма атасынын Кудайынан акыл сурап,+ анын осуяттарын аткарды, Ысрайылдын эли кылган иштерди кылган жок.+ 5  Жахаба анын падышалык бийлигин бекемдей берди.+ Жүйүт жериндегилердин баары ага белек алып келип турушкандыктан, ал байлыкка тунуп, атак-даңктуу болду.+ 6  Жошапат кайраттуу болуп, Жахабанын жолунда жүрдү. Атүгүл Жүйүттөгү сыйына турган бийик жерлерди* жок кылып,+ ыйык мамыларды кыйратты.+ 7  Жошапат өзүнүн башкаруусунун үчүнчү жылында Бенкайыл, Обадия, Закарыя, Нетанел жана Микая деген төрөлөрүн чакырып, элди окутканы Жүйүт жериндеги шаарларга жиберди. 8  Аларга кошуп Шемая, Нетания, Зебадия, Асаел, Шемирамот, Жонатан, Адония, Тобиях жана Топадония деген лебилерди, Элишама, Жорам деген дин кызматчыларды да жиберди.+ 9  Алар Жахабанын Мыйзам китебин көтөрүп алып, Жүйүт жериндегилерди окута башташты.+ Ошентип, ал жактагы бардык шаарларды кыдырып, элди окутуп жүрүштү. 10  Жахаба Жүйүттүн тегерегиндеги падышалыктардын баарына коркунуч каптаткандыктан, алар Жошапат менен согушкан жок. 11  Пелиштиликтер Жошапатка белек-бечкек жиберип, акчалай да салык төлөшчү. Арабиялыктар болсо салык катары ага 7 700 кочкор, 7 700 теке айдап келишчү. 12  Жошапат барган сайын күчтөнө берди.+ Ал Жүйүт жерине чептерди, кампалары бар шаарларды+ курду,+ 13  ошондой эле Жүйүттүн шаарларында көп иштерди жасады. Анын Иерусалимде мыкты жоокерлери бар болчу. 14  Алар уругу боюнча төмөнкүдөй болуп топторго бөлүштүрүлгөн: Жүйүт уруусунан чыккан миң башылар, алардын биринчиси — Аднак башчы. Анын 300 000 мыкты жоокери болгон.+ 15  Ага кол алдында 280 000 жоокери бар Жахонан башчы баш ийген. 16  Андан тышкары, ага Жахабага жан-дилинен кызмат кылган Зихри уулу Амасия да баш ийген. Анын 200 000 мыкты жоокери болгон. 17  Ал эми Бенжемин+ уруусунан Элиада деген мыкты жоокер чыккан. Анын жаа, калкан көтөргөн 200 000 жоокери болгон.+ 18  Ага кол алдында курал-жаракчан 180 000 жоокери бар Жеозабат баш ийген. 19  Жошапат падышага ал өзү бүт Жүйүт жериндеги+ чептүү шаарларга жайгаштырган жоокерлерден тышкары ушулар да кызмат кылышкан.

Шилтемелер