Жылнаама 2-китеп 2:1—18
-
Ибадаткананы курганга даярдык көрүү (1—18)
2 Сулайман Жахабанын ысмына арнап үй курганга+ жана өзүнө падыша сарайын курганга+ буйрук берди.
2 Ал ар кандай кара жумуштарды кыла турган* 70 000 кишини, тоолордо таш кесе турган 80 000 кишини жумушка салып,+ аларды көзөмөлдөгөнгө 3 600 кишини дайындады.+
3 Андан сырткары, Сулайман Тирдин падышасы Хирамга:+ «Сиз атам Дөөтүгө өзүнө үй курсун деп бал карагайларды жибергенсиз. Эми мага да жөнөтүңүз.+
4 Мен Жахаба Кудайымдын ысмынын урматына үй куруп, аны ага арнаганы* жатам. Ал жерде Кудайдын алдында жыпарзат түтөтүлүп,+ дайыма нан* коюлуп,+ ар бир дем алыш күнү*,+ ай жаңырганда,+ Жахаба Кудайыбызга арналган майрамдарда+ эртең менен жана кечинде бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар чалынып турат.+ Бул Ысрайылга түбөлүккө берилген буйрук болот.
5 Мен кура турган үй заңгыраган үй болушу керек, себеби биздин Кудайыбыз башка кудайлардын баарынан улук.
6 Аны асман, асмандын асманы да батыра албайт.+ Анан ага үй куруш кимдин колунан келмек эле? Анын алдында курмандык түтүнүн түтөтүш үчүн эле жай курбасам, ага үй кургудай мен ким болуп калыптырмын?
7 Ошондуктан мага алтындан, күмүштөн, жезден,+ темирден, кызгылт көк жиптен, кочкул кызыл жүндөн, көк жиптен ар кандай нерселерди жасаганды, оймо-чийме түшүргөндү билген жөндөмдүү киши жибериңиз. Ал Жүйүт жеринде, Иерусалимде, атам Дөөтү дайындаган чебер усталар менен чогуу иштейт.+
8 Мага Лебанондо* өскөн бал карагайлардан, арча+ менен кызыл дарактардан+ да жибериңиз, анткени мен билгенден, жумушчуларыңыз Лебанондо өскөн дарактарды кыйганды жакшы билишет.+ Менин жумушчуларым болсо сиздин жумушчуларыңыз менен чогуу иштешет.+
9 Алар мага көп устун камдап беришсин, анткени мен кура турган үй заңгыраган, көз жоосун алган үй болушу керек.
10 Мен болсо бак кыйган жумушчуларыңыздын тамак-ашына+ 3 200 тонна* буудай, 3 200 тонна арпа, 440 000 литр* шарап, 440 000 литр май берем»,— деп айттырып жиберди.
11 Ошондо Тирдин падышасы Хирам Сулайманга: «Жахаба элин сүйгөндүктөн сени аларга падыша кылып дайындады»,— деп кат жазып,
12 анан: «Дөөтү падышага акылдуу, Жахабага арнап үй кура турган жана өзүнө падыша сарайын кура турган эстүү, түшүнүгү терең+ уул бергени үчүн+ асман-жерди жараткан Ысрайылдын Кудайы Жахабага даңк!
13 Мен сага өзүнүн ишин мыкты билген Хирам-Аби+ деген чебер устаны жиберип жатам.
14 Анын энеси Дандын тукумдарынан болот, ал эми атасы Тирдин тургуну болчу. Ал алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, таштан, жыгачтан, кызгылт көк жиптен, көк жиптен, өзгөчө чебердик менен токулган кездемеден, кочкул кызыл жүндөн ар кандай нерселерди жасаганды жакшы билет.+ Ар түрдүү оймо-чийме түшүрө алат, кандай иш тапшырылбасын, аны айтылгандай кылып жасаштын жолун да табат.+ Ал сенин жана атаңдын, мырзам Дөөтүнүн, усталары менен чогуу иштесин.
15 Сен болсо өзүң убада кылган буудайды, арпаны, май менен шарапты жумушчуларга берип жибер.+
16 Биз Лебанондон сага канча бак керек болсо, ошончо бак кыйып,+ аларды сал кылып, деңиз аркылуу Жапага+ агызып жиберебиз. Андан ары Иерусалимге өзүң жеткирип ал»,— деп улады.+
17 Сулайман, атасы Дөөтү санагандай,+ Ысрайыл жеринде жашап жаткан бөтөн жерлик эркек аттуунун баарын+ санап чыкты. Алардын саны 153 600 болду.
18 Сулайман алардын 70 000ин ар кандай кара жумуштарды кылганга, 80 000ин тоолордо таш кескенге,+ ал эми 3 600үн иштеп жаткандарды көзөмөлдөгөнгө дайындады.+
Шилтемелер
^ Же: «жүк көтөрө турган».
^ Б. а. Кудайдын алдында дайыма турушу керек болгон нандар.
^ Же: «ыйыктаганы».
^ Ливан.
^ Сөзмө-сөз: «20 000 кор». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «20 000 бат». Б14 тиркемесин кара.