Жылнаама 2-китеп 21:1—20

  • Жорам Жүйүткө падыша болот (1—11)

  • Илияс пайгамбардын каты (12—15)

  • Жорамдын акыркы күндөрү тарткан азабы (16—20)

21  Акыр-аягы, Жошапат көз жумуп, сөөгү Дөөтүнүн шаарына, ата-бабалары коюлган жерге коюлду. Ордуна уулу Жорам падыша болду.+ 2  Анын инилери Азария, Жехиел, Закарыя, Азария, Микеил жана Шепатия болгон. Булардын баары Ысрайыл* падышасы Жошапаттын уулдары болушкан. 3  Атасы аларга көп алтын, күмүш, кымбат баалуу буюмдарды, Жүйүт жериндеги чептүү шаарларды белек кылып берген.+ Падышалык бийликти болсо Жорамга берген,+ анткени ал тун уулу болчу. 4  Атасынын ордуна падышалык кыла баштагандан кийин Жорам бийлигин чыңдаш үчүн бир туугандарынын баарын,+ Ысрайылдын төрөлөрүнүн айрымдарын да кылычтап өлтүрдү. 5  Ал 32 жашында такка отуруп, Иерусалимде 8 жыл падышалык кылды.+ 6  Ал Ахаптын кызына үйлөнгөндүктөн,+ кайнатасынын үйүндөгүлөрүнө окшоп, Ысрайылдын падышаларынын жолун жолдоду+ жана Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла берди. 7  Бирок Жахаба Дөөтү менен түзгөн келишими үчүн анын урпактарын жок кылгысы келген жок,+ анткени ага жана анын уулдарына тукуму дайыма падышалык кыларын* убада кылган болчу.+ 8  Жорамдын күндөрүндө эдомдуктар Жүйүттүн бийлигине каршы көтөрүлүп,+ өздөрүнө падыша шайлап алышты.+ 9  Ошондо Жорам аскер башчылары менен бүт согуш арабаларын алып, ал жакка барды. Анан түн ичинде туруп, өзүн жана согуш арабаларынын башчыларын курчап алган эдомдуктарды талкалап салды. 10  Анткен менен эдомдуктар ушул күнгө чейин жүйүттөрдүн бийлигине баш ийбей келишет. Ошол убакта ага либналыктар+ да каршы көтөрүлүштү. Анткени ал ата-бабаларынын Кудайы Жахабаны таштап койгон эле.+ 11  Иерусалимдин тургундары өз Кудайын таштап, башка кудайларга сыйынышы үчүн*, жүйүт элин туура жолдон адаштырыш үчүн Жорам Жүйүт жериндеги тоолорго сыйынуу жайларын жасады.+ 12  Бир күнү ал Илияс+ пайгамбардан мындай кат алды: «Чоң аталарыңан болгон Дөөтүнүн Кудайы Жахаба: „Сен атаң Жошапаттын+ жана Жүйүттүн падышасы Асанын+ жолун жолдобой, 13  Ысрайылдын падышаларынын жолун жолдоп,+ жүйүт эли менен Иерусалимдин тургундарынын Ахаптын үйүндөгүлөрүнө окшоп+ башка кудайларга сыйынышына себепкер болдуң.+ Өзүңдөн алда канча жакшы бир туугандарыңды, атаңдын уулдарын, өлтүрдүң.+ 14  Ошон үчүн Жахаба элиңди, балдарыңды, аялдарыңды катуу жазалап, бүт мал-мүлкүңдү жок кылат. 15  Өзүң болсо ар кандай оорунун азабын тартасың, ичеги-карын дартына да чалдыгасың. Ооруң күндөн күнгө күчөп, акыр-аягы, ичегилериң сыртка чыгып калат“,— дейт». 16  Жахаба пелиштиликтерди,+ эфиопиялыктардын жанында жашаган арабиялыктарды+ Жорамга каршы чыгарды.+ 17  Алар Жүйүт жерине кирип барып, падышанын үйүндөгү бүт мүлкүн талап-тоноп, аялдарын, кенже уулу Жахаздан*+ башка уулдарынын баарын туткундап кетишти.+ 18  Анан Жахаба Жорамды айыккыс ичеги-карын оорусуна чалдыктырды.+ 19  Арадан 2 жыл өткөндөн кийин ал ошол дартынын айынан ичегилери сыртка чыгып, кыйналып жатып өлдү. Эл анын урматына ата-бабаларына от жаккандай от жаккан жок*.+ 20  Жорам 32 жашында такка отуруп, Иерусалимде 8 жыл бийлик кылды. Анын өлгөнүнө эч ким деле кайгырган жок. Сөөгүн Дөөтүнүн шаарына коюшту,+ бирок падышалар коюлган жерге эмес, башка жерге коюшту.+

Шилтемелер

Жылнаама жазылган 2-китептин бир нече жеринде «Жүйүт» деген кууш маанидеги сөздүн ордуна «Ысрайыл» деген кеңири маанидеги сөз колдонулат.
Сөзмө-сөз: «чырак берерин».
Бул каймана мааниде жалган кудайлар менен сойкулардай болуп ыпылас ишке барганды билдирет.
Ахазия деген да аты бар.
Сыягы, сөөктү өрттөө жөнүндө эмес, жыпарзат түтөтүү жөнүндө сөз жүрүп жатат.