Жылнаама 2-китеп 22:1—12

  • Ахазия Жүйүткө падыша болот (1—9)

  • Аталея бийликти басып алат (10—12)

22  Иерусалимдин тургундары Жорамдын ордуна анын кенже уулу Ахазияны* падыша кылышты. Анткени агаларынын бардыгын арабиялыктар менен чогуу Жүйүт кошуунуна кол салган талап-тоноочулар өлтүрүп кетишкен эле.+ Ошентип, Жорамдын уулу Ахазия Жүйүткө бийлик кыла баштады.+ 2  Ал 22 жашында такка отуруп, Иерусалимде 1 жыл башкарды. Энеси Аталея+ Омринин+ небереси болчу. 3  Ахазия да Ахаптын+ үйүндөгүлөрүнүн жолун жолдоду, анткени энесинин тилине кирип жаман иштерди кылды. 4  Атасы өлгөндөн кийин, Ахаптын үйүндөгүлөрү анын кеңешчиси болуп калышты. Ошон үчүн Ахазия аларга окшоп, Жахабанын көз алдында жаман иштерди кыла берди. Алардын кеңештерин угуп жүрүп, акыры өлүп тынды. 5  Ошолордун берген кеңеши боюнча ал Ысрайылдын падышасы Ахаптын уулу Жорамга кошулуп, Сирия падышасы Хазаел+ менен согушканы Рамот-Гилатка+ барды. Ошол жерден жаа аткычтар Жорамды жарадар кылышты. 6  Рамада Сирия падышасы Хазаел+ менен согушканда алган жараатын айыктырыш үчүн Жорам+ Изреилге+ кайтып келди. Ал жарадар болуп калгандыктан*,+ Жүйүттүн падышасы Жорам+ уулу Ахазия* аны көргөнү Изреилге барды. 7  Анын Жорамга барганы Кудайдын эрки менен болду. Себеби Кудай анын ошол жактан өлөрүн чечип койгон эле. Жорамга баргандан кийин, экөө Нимшинин небереси Жехуга+ жолукканы чыгышты. Жахаба Жехуну Ахаптын үйүндөгүлөрүн жок кылганга дайындаган* эле.+ 8  Жеху Ахаптын үйүндөгүлөрүнө чыгарылган өкүмдү аткара баштаган убакта Ахазияга кызмат кылган Жүйүттүн төрөлөрү менен анын бир туугандарынын уулдарына жолугуп калды. Ал алардын баарын өлтүрдү.+ 9  Анан Ахазияны издей баштады. Жехунун кишилери аны Самарияда жашынып жүргөн жеринен таап, Жехуга алып келишти да, өлтүрүп салышты.+ Алар: «Кантсе да, бул Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылган+ Жошапаттын небереси эмеспи» — деп, сөөгүн мүрзөгө коюшту. Ошентип, Ахазиянын үйүндөгүлөрүнөн падышалыкты башкара алгыдай эч ким калган жок. 10  Ахазиянын энеси Аталея+ уулунун өлгөнүн көрүп, Жүйүттөгү падышанын бардык мураскорлорун кырып таштады.+ 11  Бирок Жорам+ падышанын кызы Жехошабет+ падышанын өлтүрүлө турган уулдарынын арасынан Ахазиянын уулу Жаашты көрсөтпөй алып кетип, эмчек энеси экөөнү уктоочу бөлмөгө жашырып койду. (Жехошабет Ахазиянын бир тууганы, дин кызматчы Жояттын+ аялы болчу.) Ал Жаашты жашырып жүргөндүктөн, Аталея аны өлтүрө алган жок.+ 12  Аны 6 жыл чыныгы Кудайдын ибадатканасында жашырып жүрүштү. Ошол убакта өлкөнү Аталея башкарып жатты.

Шилтемелер

Же: «ооруп жаткандыктан».
Еврей тилиндеги айрым кол жазмаларда «Азария» делет.
Же: «майлаган». Сөздүктү кара.