Жылнаама 2-китеп 25:1—28

  • Амазия Жүйүткө падыша болот (1—4)

  • Эдомдуктар менен болгон согуш (5—13)

  • Амазия бөтөн элдин кудайларына сыйынат (14—16)

  • Ысрайыл падышасы Жааш менен согушат (17—24)

  • Амазия өлөт (25—28)

25  Амазия 25 жашында такка отуруп, Иерусалимде 29 жыл падышалык кылды. Энесинин аты Жеодан эле, ал Иерусалимден болчу.+ 2  Амазия Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды, бирок аларды бүт жүрөгү менен берилип кылган жок. 3  Падышалык бийлиги бекемделгенде, Амазия атасын, падышаны, өлтүргөн кызматчыларын өлтүрдү.+ 4  Бирок алардын балдарын өлтүргөн жок, анткени Мусанын Мыйзам китебиндеги Жахабанын: «Уулдары үчүн аталары, аталары үчүн уулдары өлүм жазасына тартылбасын. Өлүм жазасына ар ким өз күнөөсү үчүн тартылышы керек»,+— деген буйругуна ылайык иш кылды. 5  Амазия бүт жүйүт элин чогултуп, Жүйүт менен Бенжемин уруусундагы эркектерди урук-уругу боюнча бөлүп, миң башылары, жүз башылары менен тургузду.+ Ал 20 жаштан өйдөкүлөрдүн баарын+ каттоодон өткөрдү. Найза менен чоң калкан көтөрүп согушканга жарактуу дасыккан жоокерлердин саны 300 000 болду. 6  Андан сырткары, ал Ысрайылдан 3 тонна 420 килограмм* күмүшкө 100 000 мыкты жоокер жалдады. 7  Ошондо ага чыныгы Кудайдын кишиси келип: «Падыша, Ысрайылдын аскерлери сени менен барбасын, анткени Жахаба Ысрайылды,+ эпрайымдыктарды, таштап койгон. 8  Согушка өзүң эле бар. Кайраттуу бол. Болбосо чыныгы Кудай душманыңдан жеңилип калышыңа жол берип коёт. Анткени Кудай сени колдой да алат,+ душманыңа багындырып да коё алат»,— деди. 9  Амазия чыныгы Кудайдын кишисине: «Ысрайылдын аскерлерине берген күмүшүмчү*, ал эмне болот?» — деди. Чыныгы Кудайдын кишиси: «Жахаба сага андан да көптү бере алат»,+— деди. 10  Ошондо Амазия Эпрайымдан келген аскерлерди кайра өз жерине кетирип жиберди. Алар жүйүттөргө катуу каарданышты. Ошентип, ачууланган бойдон өз жерине кетишти. 11  Амазия кайратын топтоп, жоокерлерин Туздуу өрөөнгө+ баштап барды да, ал жактан сеирликтердин 10 000 кишисин өлтүрдү.+ 12  Жүйүттөр алардын дагы 10 000 кишисин тирүүлөй колго түшүрүп, асканын чокусуна алып чыгып, түртүп жиберишти. Ошентип, алардын баары өлдү. 13  Амазия согушка алып барбай,+ үйлөрүнө кетирип жиберген ысрайылдык жоокерлер болсо Самариядан+ Бет-Оронго+ чейинки жерлердеги Жүйүт шаарларына жортуулга барып, 3 000 кишисин өлтүрүп, көп олжо алып кетишти. 14  Эдомдуктарды талкалагандан кийин Амазия үйүнө кайтып келди. Ал сеирликтердин кудайларын ала келип, өзүнө кудай кылып алды.+ Анан аларга таазим кылып, курмандык түтүнүн түтөтө баштады. 15  Ошондо Жахаба Амазияга каары кайнап, бир пайгамбары аркылуу ага: «Эмнеге башка элдердин кудайларына, өз элин сенин колуңдан куткара албаган кудайларга, табынып жатасың?»+ — деп айттырып жиберди. 16  Пайгамбар сөзүн айтып бүтө электе, падыша ага: «Сени, эмне, падышанын кеңешчиси кылып койдук беле?+ Өлүп кала элегиңде токтот!»+ — деди. Пайгамбар токтоп калды. Бирок ага чейин: «Ушундай иш кылганың үчүн, кеңешимди да укпай койгонуң үчүн, Кудай сени өлтүрүүнү чечти»,+— деди. 17  Жүйүт падышасы Амазия кеңешчилери менен акылдашкандан кийин Жехунун небереси, Жахаздын уулу Ысрайыл падышасы Жаашка: «Кел, беттешели»,— деп кабарчыларынан айттырып жиберди.+ 18  Ысрайылдын падышасы Жааш болсо ага: «Лебанондо өскөн тикен Лебанон бал карагайына: „Кызыңды уулума бер“,— деп айттырып жиберет. Бирок ал тикенди ошол жерден өтүп бараткан бир жапайы жаныбар тебелеп кетет. 19  Сен эдомдуктарды жеңдим деп+ менменсинип, даңкты көксөп жатасың. Үйүңдө жөн эле отура бербейсиңби. Чатак чыгарып, башыңа балээ үйүп эмне кыласың? Өзүң да, жүйүт эли да оң таппай калып жүрбөгүлө»,— деп айттырып жиберди. 20  Бирок Амазия аны укпай койду.+ Анткени эдомдуктардын кудайларына табынышканы үчүн,+ чыныгы Кудай Амазия менен анын элин душмандарынын колуна салып берем деп чечкен болчу.+ 21  Ошондо Ысрайылдын падышасы Жааш келип, Жүйүт падышасы Амазия менен Жүйүт жериндеги Бет-Шемештен+ беттешти. 22  Жүйүттөр ысрайылдыктардан жеңилип, үйлөрүнө качып кетишти. 23  Ысрайылдын падышасы Жааш Жахаздын* небереси, Жааштын уулу Жүйүт падышасы Амазияны Бет-Шемештен колго түшүрүп, Иерусалимге алып келди. Анан Иерусалимдин дубалын Эпрайым дарбазасынан+ тартып Бурч дарбазасына+ чейин талкалап таштады; алардын ортосу 180 метрдей* эле. 24  Жааш чыныгы Кудайдын ибадатканасындагы Обет-Эдом көзөмөл кылган казынадагы жана ак сарайдагы казыналардагы алтын-күмүш менен буюмдардын баарын,+ ошондой эле барымтага алынгандарды Самарияга алып кетти. 25  Ысрайылдын падышасы+ Жахаздын+ уулу Жааш өлгөндөн кийин, Жүйүт падышасы Жааштын уулу Амазия+ дагы 15 жыл жашады. 26  Амазиянын жашоосунда болгон башка окуялар башынан аягына чейин Жүйүттүн падышалары менен Ысрайылдын падышаларынын тарыхы баяндалган китепте жазылган. 27  Амазия Жахабанын жолунан чыгып кеткенден тартып, Иерусалимде аны өлтүрөбүз деп сүйлөшө башташты.+ Ошондо ал Лакишке качып кетти. Бирок тигилер артынан киши жиберип, аны ошол жактан өлтүрүштү. 28  Анын сөөгүн аттарга чегилген араба менен Жүйүт жериндеги шаарга алып келип, ата-бабалары коюлган жерге коюшту.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «100 талант». Б14 тиркемесин кара.
Сөзмө-сөз: «100 талант күмүшүмчү».
Ахазия деген да аты бар.
Сөзмө-сөз: «400 чыканак». Б14 тиркемесин кара.