Жылнаама 2-китеп 26:1—23
26 Анан бүт жүйүт эли 16 жаштагы Узияны*+ атасы Амазиянын ордуна такка отургузду.+
2 Амазия падыша каза болгондон кийин, Узия Элотту кайра куруп,+ аны кайра жүйүт элине каратып берди.+
3 Ал+ 16 жашында такка отуруп, Иерусалимде 52 жыл падышалык кылды. Энесинин аты Жехолия эле, ал Иерусалимден болчу.+
4 Атасы Амазиядай болуп, Узия Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды.+
5 Чыныгы Кудайдан коркконду үйрөткөн Закарыянын көзү тирүүсүндө, ал Кудайга кызмат кылып жүрдү. Чыныгы Кудай Жахабага кызмат кылган кезинде, ал ага батасын берип турду.+
6 Узия пелиштиликтер+ менен согушуп, Гаттын,+ Жапненин,+ Азоттун*+ дубалдарын бузуп кирип, басып алды. Анан Азоттун аймагына, пелиштиликтердин жерине шаарларды курду.
7 Ал пелиштиликтер, Гурбаалда жашаган арабиялыктар+ жана меунимдер менен согушканда, чыныгы Кудай ага жардам берип жатты.
8 Амондун тукумдары+ ага салык төлөй башташты. Узиянын күч-кубаты артып, атагы тээ Мисирге чейин жетти.
9 Ал Иерусалимдеги Бурч дарбазасы+ менен Өрөөн дарбазасынын+ жанына, ошондой эле Түркүктүн жанына мунараларды куруп,+ аларды чыңдады.
10 Андан сырткары, чөлгө да мунараларды куруп,+ суу сакталчу көп чуңкурларды казды, анткени малы өтө көп эле. Ал Шепела менен түздүктө* да ошондой кылды. Дыйканчылыкты жакшы көргөндүктөн, анын Кармелде, тоолордо дыйкандары менен жүзүмчүлөрү да бар эле.
11 Узиянын жакшы куралданган аскери да бар болчу. Анын аскери жортуулга топторго бөлүнүп чыгып турчу. Аларды падышанын төрөлөрүнүн бири Хананиянын көзөмөлү астындагы катчы+ Жиел менен Маасея санап, каттап чыккан.+
12 Ошол күчтүү жоокерлерди жетектеген урук башчыларынын жалпы саны 2 600 болгон.
13 Алардын кол астында согушка даяр 307 500 жоокер бар болчу. Алар падышага душмандары менен согушканга жардам берген кубаттуу аскерди түзүшкөн.+
14 Узия бүт аскерин калкан, найза,+ туулга, соот,+ жаа жана салмоор+ менен камсыз кылды.
15 Ал Иерусалимде чебер усталар ойлоп тапкан, жебе тартып, таш ыргыта турган чоң согуш куралдарын жасап, аларды мунараларга, дубалдардын бурчтарына орнотту.+ Кудай Узияга көп жардам бергендиктен, ал күчтүү болуп кетти. Ошон үчүн атагы алыска тарады.
16 Бирок күчтүү болгондон кийин, текеберденип кетти. Бул акыры анын кыйрашына себеп болду. Ал жыпарзат түтөткүчтүн үстүндө жыпарзат түтөтүш үчүн Жахабанын ибадатканасына кирип, Жахаба Кудайына баш ийбестик кылды.+
17 Ал киргенде, дин кызматчы Азария менен Жахабанын дагы башка эр жүрөк 80 дин кызматчысы дароо артынан киришти.
18 Алар Узия падышаны токтотуп: «Узия, Жахабага жыпарзат түтөтүү сенин ишиң эмес!+ Жыпарзатты дин кызматчылар гана түтөтүшү керек. Себеби алар — Арундун урпактары,+ бул ыйык кызматка ошолор дайындалган. Ыйык жайдан чыгып кет! Сен баш ийбестик кылдың, ушунуң үчүн Жахаба Кудайдын көз алдында урматталбайсың»,— дешти.
19 Ошондо колуна жыпарзат түтөтүлчү идишти кармап турган Узиянын каары кайнап чыкты.+ Дин кызматчыларга каарданганда, анын чекесинде пес+ оорусунун тагы пайда болду. Бул Жахабанын ибадатканасындагы жыпарзат түтөткүчтүн жанында, дин кызматчылардын көзүнчө болду.
20 Жогорку дин кызматчы Азария менен берки дин кызматчылардын баары аны карап, чекесиндеги пес оорусунун тагын көрүштү. Алар аны алып чыгып кеткенге шашышты. Жахаба жазалагандыктан, ал өзү да чыгып кеткиче шашты.
21 Ошентип, Узия өлөр-өлгөнчө пес оорусунан айыкпай, өзүнчө үйдө жашады.+ Ага Жахабанын ибадатканасына барганга тыюу салынды. Уулу Жотам ак сарайдагы иштерди көзөмөлдөп, элге сот жүргүзүп турду.+
22 Узиянын жашоосунда болгон башка окуялар жөнүндө башынан аягына чейин Амостун уулу Ышая пайгамбар+ жазган.
23 Акыр-аягы, Узия көз жумуп, сөөгүн ата-бабалары коюлган жерге коюшту. Бирок: «Пес оорусу менен ооруган» — деп, падышалар коюлган жерге эмес, аларга таандык талаага* коюшту. Анын ордуна уулу Жотам+ падыша болду.
Шилтемелер
^ Падышалар 2-китеп 14:21де «Азария».
^ Ашдоддун.
^ Же: «бөксө тоодо».
^ Сыягы, падышалардын бейитинин жанындагы талаа.