Жылнаама 2-китеп 29:1—36

  • Хиския Жүйүткө падыша болот (1, 2)

  • Хискиянын кылган иштери (3—11)

  • Ибадаткана тазаланат (12—19)

  • Ибадатканадагы кызмат калыбына келтирилет (20—36)

29  Хиския+ 25 жашында такка отуруп, Иерусалимде 29 жыл бийлик кылды. Энесинин аты Абия болчу, ал Закарыянын кызы эле.+ 2  Ата-бабаларынан болгон Дөөтүгө окшоп,+ Хиския Жахабанын көз алдында туура иштерди кылды.+ 3  Ал өзүнүн башкаруусунун биринчи жылынын биринчи айында Жахабанын ибадатканасынын эшиктерин ачып, аларды оңдоду.+ 4  Анан дин кызматчылар менен лебилерди күн чыгыш тараптагы аянтка чогултуп, 5  аларга: «Лебилер, сөзүмө кулак салгыла. Тазалануу расмисинен өтүп, ата-бабаларыңардын Кудайы Жахабанын ибадатканасын тазалап-ыйыктагыла,+ ыйык жерден арам нерсенин баарын алып чыккыла.+ 6  Аталарыбыз Жахаба Кудайыбызга баш ийбей, анын көз алдында жаман иштерди кылышты.+ Алар Жахабаны таштап, жүзүн тескери буруп кетишти, анын турак жайын баалап-баркташкан жок.+ 7  Ибадаткананын мунарасынын эшиктерин+ жаап, чырактарды+ өчүрүп салышты. Ыйык жерде Ысрайылдын Кудайына жыпарзат+ түтөтпөй, бүтүндөй өрттөлчү курмандык+ чалбай калышты. 8  Ошон үчүн Жахаба Жүйүт менен Иерусалимге каарын төктү.+ Өзүңөр көрүп тургандай, аларды көргөн кишинин үрөйү учуп, таң кала тургандай, шылдыңдай* тургандай абалда калтырды.+ 9  Ата-бабаларыбыз кылычтан өлдү,+ уул-кыздарыбыз менен аялдарыбыз болсо туткунга кетти.+ 10  Мен эми Ысрайылдын Кудайы Жахабанын каарын басыш үчүн аны менен келишим түзөйүн деп чечтим*.+ 11  Андыктан, туугандарым*, азыр кол куушуруп отура турган* убак эмес. Анткени Жахаба силерди анын алдында кызмат кылышыңар үчүн,+ курмандык түтүнүн түтөтүшүңөр үчүн тандап алган»,— деди.+ 12  Ошондо лебилер ишке киришти. Алар Кааттын урпактарынан+ Амасайдын уулу Махат менен Азариянын уулу Жоел, Мераринин урпактарынан+ Абдынын уулу Киш менен Жехелелелдин уулу Азария, Гершондун урпактарынан+ Зиманын уулу Жоах менен Жоахтын уулу Эйден, 13  Элисапандын урпактарынан Шимри менен Жеуел, Асаптын+ урпактарынан Закарыя менен Матания, 14  Хемандын урпактарынан+ Жехиел менен Шимей, Жедутундун урпактарынан+ Шемая менен Узиел болчу. 15  Алар башка лебилерди чогултуп, Жахабанын сөзү боюнча падыша буйрук кылгандай, тазалануу расмисинен өтүп, Жахабанын ибадатканасын тазалаганы барышты.+ 16  Дин кызматчылар Жахабанын ибадатканасын тазалаш үчүн ичине кирип, Жахабанын ибадатканасындагы арам нерсенин баарын Жахабанын ибадатканасынын короосуна+ алып чыгышты. Лебилер болсо анын баарын Кидрон өрөөнүнө+ алып барып ташташты. 17  Алар биринчи айдын биринчи күнү ибадаткананы тазалап-ыйыктай башташты. Ошол эле айдын сегизинчи күнү Жахабанын ибадатканасынын мунарасына+ жетишти. Жахабанын ибадатканасын дагы 8 күн тазалап-ыйыкташты. Ошентип, биринчи айдын он алтынчы күнү ишти толук бүтүрүштү. 18  Анан Хиския падышага барып: «Биз Жахабанын ибадатканасын, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар өрттөлө турган курмандык жайын+ жана ага тиешелүү нерселердин баарын,+ үстү-үстүнө коюлган нандар* турчу үстөл+ менен ага тиешелүү нерселердин баарын тазаладык. 19  Кудайга баш ийбеген Ахаз падышанын башкаруусунун учурунда+ колдонулбай калган буюмдардын баарын даярдап, ыйыктап,+ Жахабанын курмандык жайынын алдына коюп койдук»,— дешти. 20  Хиския падыша эртең менен эрте туруп, шаардын төрөлөрүн чогултту да, баары Жахабанын ибадатканасына барышты. 21  Алар падышалык менен ыйык жай үчүн жана жүйүт элинин күнөөлөрү кечирилиши үчүн күнөө үчүн курмандыкка 7 бука, 7 кочкор, 7 эркек козу, 7 теке алып келишти.+ Падыша Арундун урпактары болгон дин кызматчыларга аларды Жахабанын курмандык жайына курмандыкка чалышы керектигин айтты. 22  Дин кызматчылар букаларды союп,+ канынан алып, курмандык жайына чачыратышты.+ Анан кочкорлорду союп, канын курмандык жайына чачыратышты. Андан кийин болсо эркек козуларды союп, алардын канын да курмандык жайына чачыратышты. 23  Анан күнөө үчүн курмандыкка чалынчу текелерди падыша менен жамааттын алдына алып келип, үстүнө колдорун коюшту. 24  Андан соң аларды союп, бүт ысрайыл элин күнөөдөн арылтыш үчүн, канын курмандык жайына күнөө үчүн курмандык катары алып келишти. Анткени падыша бүт ысрайыл эли үчүн бүтүндөй өрттөлчү курмандык менен күнөө үчүн курмандыкты чалышы керектигин айткан эле. 25  Ошол учурда лебилер, падыша буйрук кылгандай, мурун Дөөтү+ падыша менен анын көрөгөчү Гат+ жана Натан+ пайгамбар бекиткен тартип боюнча, жез табактары, кыл аспаптары, арфалары+ менен Жахабанын ибадатканасынын жанында турушту. Ал тартипти Жахаба пайгамбарлары аркылуу бекиткен болчу. 26  Лебилер колдоруна Дөөтүнүн күү аспаптарын, дин кызматчылар болсо сурнайларын+ кармап турушту. 27  Ошондо Хиския курмандык жайында бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалууну буйрук кылды.+ Бүтүндөй өрттөлчү курмандыкты чала башташканда, Жахабага арналган ырлар ырдалып, Ысрайыл падышасы Дөөтүнүн күү аспаптарынын коштоосунда сурнайлар тартылды. 28  Бүтүндөй өрттөлчү курмандык чалынып бүткүчө, ыр ырдалып, сурнайлар тартылып жатты, эл болсо Кудайга таазим кылып жатты. 29  Курмандык чалынып бүткөндөн кийин, падыша менен жанында тургандардын баары тизелеп, Кудайга таазим кылышты. 30  Хиския падыша менен төрөлөр лебилерге Дөөтү+ менен Асап+ көрөгөч чыгарган ырлар менен Жахабаны даңктап ырдоону буйрук кылышты. Ошондо алар кубанып-шаттана ырдап Кудайды даңкташты, тизелеп, ага таазим кылышты. 31  Анан Хиския: «Эми силер Жахабага кызмат кылганга бөлүндүңөр. Жахабанын ибадатканасына ыраазычылык курмандыктары менен башка курмандыктарды алып келгиле»,— деди. Ошондо бүт жамаат ыраазычылык курмандыктары менен башка курмандыктарын жана жүрөгү түрткү бергендердин баары бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарын алып келе баштады.+ 32  Эл Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка 70 бука, 100 кочкор, 200 эркек козу,+ 33  ал эми башка ыйык тартууларга 600 бодо мал, 3 000 кой алып келди. 34  Дин кызматчылар аз болуп, бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка чалынган малдын терисин сыйрыганга жетишпей жатышты. Ошондуктан ал иш бүткөнгө чейин жана калган дин кызматчылар тазалануу расмисинен өткөнгө чейин,+ аларга леби туугандары жардам беришти.+ Анткени алар тазалануу каадасын кылганга дин кызматчыларга караганда көбүрөөк дилгир эле. 35  Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар,+ тынчтык курмандыктарынын майы,+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен кошо алынып келген суюк тартуулар+ өтө көп болду. Ошентип, Жахабанын ибадатканасындагы кызмат кайра калыбына келтирилди. 36  Мунун баары тез аранын ичинде эле болду. Хиския менен бүт эл чыныгы Кудайдын ушинтип жардам бергенине кубанды.+

Шилтемелер

Же: «ышкыра тургандай».
Же: «чын жүрөгүмдөн каалап жатам».
Сөзмө-сөз: «уулдарым».
Же: «милдеттериңерге шалаакы мамиле кыла турган».
Б. а. Кудайдын алдында дайыма турушу керек болгон нандар.