Жылнаама 2-китеп 31:1—21
31 Майрам бүткөндөн кийин, ал жерге чогулган ысрайылдыктардын баары Жүйүт жериндеги шаарларга жөнөштү. Алар Жүйүт жериндеги, ошондой эле Бенжемин, Эпрайым жана Менаше+ урууларына таандык жерлердеги ыйык устундарды кыйратып,+ ыйык мамыларды кыйып,+ жалган кудайларга сыйына турган жайлар*+ менен курмандык жайларын талкалашты,+ бирин да калтырышкан жок. Андан кийин ар бири өз шаарына, өз жерине кайтты.
2 Дин кызматчылар+ менен лебилер+ бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалышы үчүн, Жахабанын ибадатканасынын короолорундагы дарбазалардын жанында Кудайга кызмат кылып, ыраазычылык билдирип, аны даңктап ырдашы үчүн, Хиския падыша аларды аткарган кызматы боюнча топторго бөлүштүрдү.+
3 Ошондой эле Жахабанын Мыйзамында жазылганга ылайык, бүтүндөй өрттөлчү курмандыктар үчүн: эртең менен, кечинде чалына турган курмандыктар үчүн,+ дем алыш күнү,+ ай жаңырганда,+ майрамдарда+ чалына турган курмандыктар үчүн керектүү нерсени өз эсебинен бөлүп берип турду.+
4 Андан тышкары, падыша Иерусалимдин тургундарына, дин кызматчылар менен лебилер Жахабанын мыйзамын эч нерсеге алаксыбай аткарышы үчүн*, аларга тиешелүү үлүшүн берип турушу керектигин буйрук кылды.+
5 Ал буйрук чыгары менен, ысрайылдыктар эгин, жаңы шарап, май,+ бал* жана талаасында өскөн башка өсүмдүктөрүнүн биринчи түшүмүн көп өлчөмдө алып келе башташты.+ Ошондой эле колунда бар нерсенин баарынын ондон бир бөлүгүн аянбай алып келип жатышты.+
6 Жүйүт жериндеги шаарларда жашаган ысрайылдыктар менен жүйүттөр да бодо малы менен койлорунун ондон бир бөлүгүн+ айдап келишти. Андан сырткары, Жахаба Кудайына арналган башка ыйык тартууларынын ондон бир бөлүгүн алып келип, дөбө-дөбө кылып үйүп коюшту.
7 Алар тартууларды үчүнчү айда+ алып келе баштап, жетинчи айда+ бүтүштү.
8 Хиския менен төрөлөр келип, канчалык көп тартуу чогулганын көрүшкөндө Жахабага алкыш айтып, анын элине, Ысрайылга, батасын беришти.
9 Анан Хиския дин кызматчылар менен лебилерден мынча көп тартуунун кантип чогулганы жөнүндө сурады.
10 Садоктун тукумдарынан болгон жогорку дин кызматчы Азария ага: «Жахабанын ибадатканасына тартуу алынып келе баштагандан тартып,+ эл тоё жеп жатат, андан кийин да толтура артып калып жатат, анткени Жахаба элине батасын берип жатат. Караңызчы, канча көп артып калды»,+— деди.
11 Ошондо Хиския Жахабанын ибадатканасындагы кампаларды*+ даярдагыла деди. Кампалар даяр болду.
12 Ошентип, тартуулар, алынып келиниши керек болгон нерселердин ондон бир бөлүгү+ жана ыйык нерселер кампаларга киргизилип жатты. Бул иш чынчылдык менен аткарылды. Анын баарына Канания деген леби жооптуу болду, ал эми бир тууганы Шимей анын орун басары болду.
13 Хиския падышанын буйругу менен Жехиел, Азазия, Нахат, Асаел, Жеримот, Жозабат, Элиел, Исмахия, Махат, Бенаялар Канания менен анын бир тууганы Шимейге жардам бергенге дайындалышты. Ал эми Азария чыныгы Кудайдын ибадатканасын көзөмөлдөгөнгө дайындалды.
14 Имнактын уулу Коре, чыгыш тараптагы дарбазаны кайтарган леби,+ чыныгы Кудайга алынып келген ыктыярдуу тартууларга+ жооптуу болду. Ал Жахабага алынып келген тартуулар+ менен абдан ыйык нерселерди+ бөлүштүрчү.
15 Дин кызматчылардын шаарларындагы+ Эйден, Миниамин, Жешуя, Шемая, Амария жана Шеханиялар анын көзөмөлү алдында болушту. Аларга топтордо кызмат кылган дин кызматчы туугандарына,+ улуу-кичүү дебей, тиешелүү үлүшүн бөлүштүрүү тапшырылды.
16 Ошондой эле өз милдеттерин аткарыш үчүн Жахабанын ибадатканасына күн сайын өз тобу менен келген эркектерге, санжырага киргизилген эркек аттуулардын баарына, тиешелүү үлүшүн бөлүштүрүү да тапшырылды. Санжырага ал эркектердин 3 жаштан өйдөкү уулдары да киргизилген.
17 Дин кызматчылар менен 20 жаштан өйдөкү лебилердин+ өз уругу+ жана тобунда+ аткарган кызматы боюнча санжырасы түзүлдү.
18 Алар өздөрүнө тапшырылган ыйык кызмат менен толук алек болгондуктан санжырага алардын бүт жамааты: аялдары менен уул-кыздарынын, атүгүл кичинекей балдарынын баары кирди.
19 Ал санжырага Арундун урпактары да — өздөрүнө таандык шаарлардын тегерегинде+ жашаган дин кызматчылар да — кирди. Дин кызматчылар менен санжырага кирген лебилердин эркек аттууларынын баарына тиешелүү үлүшүн берип турушу үчүн, ошол шаарлардын баарына аты аталып тандалган эркектер дайындалды.
20 Хиския бүт Жүйүт жери боюнча ушундай кылды. Ал Жахаба Кудайына берилгендигин сактап, анын көз алдында жакшы, туура иштерди кылды.
21 Кудайына кызмат кылып жатып чыныгы Кудайдын ибадатканасындагы кызматка+, анын Мыйзамына, осуятына тийиштүү кандай иш аткарбасын, аны бүт жүрөгү менен аткарды. Ошон үчүн аны ар дайым ийгилик коштоп жүрдү.
Шилтемелер
^ Же: «мыйзамына өзүн толугу менен арнаш үчүн».
^ Сыягы, анжирдин же башка мөмөлөрдүн ширеси.
^ Же: «ашканаларды».