Жылнаама 2-китеп 4:1—22
4 Андан кийин ал жезден узундугу 9, туурасы 9, бийиктиги 4 жарым метр* болгон курмандык жайын жасады.+
2 Анан жезден бир четинен экинчи четине чейин 4 жарым, ал эми бийиктиги 2 жарым метр* болгон чоң казан+ куйду. Аны жип менен айланта ченегенде, 13 метр болду.+
3 Казандын кырынын ылдый жагына тегерете эки катар жапайы дарбыздардын сүрөтү түшүрүлдү,+ 44 сантиметр жерге 10 дарбыздын сүрөтү түшүрүлдү. Ал дарбыздарды казанды куюп жатканда кошо куйду.
4 Ал казанды жезден жасалган 12 буканын+ үстүнө орнотту. Букалардын үчөө түндүктү, үчөө батышты, үчөө түштүктү, үчөө чыгышты карап турду. Ал эми алардын арт жагы казандын астына кирип турду.
5 Казандын калыңдыгы алакандын эниндей эле. Анын жээгин болсо табактын жээгиндей кылып, лилия гүлүнө окшош кылып жасады. Ага 66 000 литрдей* суу батчу.
6 Ал дагы 10 казан куюп, бешөөнү оң жакка, бешөөнү сол жакка койду.+ Алардагы сууга бүтүндөй өрттөлчү курмандыкка тиешелүү нерселерди жуушчу.+ Чоң казандагы сууга болсо дин кызматчылар колу-бутун жуушчу.+
7 Андан кийин көрсөтүлгөн үлгү боюнча+ алтындан бири-бирине окшош 10 чыракпая жасап,+ аларды ибадатканага алып кирип, бешөөнү оң жакка, бешөөнү сол жакка койду.+
8 Ал 10 үстөл жасап, аларды да ибадатканага алып кирип, бешөөнү оң жакка, бешөөнү сол жакка койду.+ Ошондой эле алтындан 100 табак жасады.
9 Анан дин кызматчылардын+ короосун жасады,+ ошондой эле чоң короо+ менен анын эшиктерин жасап, эшиктерди жез менен каптады.
10 Чоң казанды оң жакка, түштүк-чыгыш тарапка койду.+
11 Хирам күл салгычтарды, калактарды, табактарды да жасады.+
Ошентип, ал чыныгы Кудайдын ибадатканасына байланышкан иштерди, Сулайман падыша тапшырган иштерди, бүтүрдү. Ал жасаган нерселер булар:+
12 2 мамы,+ алардын үстүнө орнотулган табакка окшош 2 тегерек таажы, аларды кооздогон 2 тор,+
13 мамылардын үстүндөгү+ табакка окшош 2 таажыны кооздош үчүн жасалган ошол 2 тордун ар бирине 2 катардан тизилген 400 анар,+
14 10 араба, алардын үстүндөгү 10 казан,+
15 чоң казан, анын астындагы 12 бука,+
16 күл салгычтар, калактар, айрылар+ жана Жахабанын ибадатканасында колдонулчу Сулайман падыша айткан башка буюмдар. Хирам-Абип+ алардын баарын жалтырата жылмаланган жезден жасады.
17 Падыша аларды Иордан өрөөнүндө, Сукот+ менен Саретандын ортосунда, чопо калыптарга куйдуруп жасатты.
18 Сулайман жасаган ал буюмдар өтө көп болгондуктан, аларга канча жез кеткенин эсептешкен жок.+
19 Сулайман чыныгы Кудайдын ибадатканасында колдонулчу буюмдардын баарын жасатты.+ Ал алтын жыпарзат түтөткүчтү,+ Кудайдын алдында турушу керек болгон нандар+ коюлчу үстөлдөрдү,+
20 көрсөтмөгө ылайык, ички бөлмөнүн алдында күйүп турушу үчүн таза алтындан чыракпаялар+ менен алардын чырактарын,
21 эң таза алтындан гүлдөрдү, чырактарды, биликтин күйүгүн ала турган кычкачтарды,
22 таза алтындан билик өчүргүчтөрдү, табактарды, чөйчөктөрдү, чок салгычтарды жасатты, ошондой эле Ыйыктын ыйыгы менен ибадаткананын эшиктерин жасатып,+ алтын менен каптатты.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «узундугу 20, туурасы 20, бийиктиги 10 чыканак». Б14 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «5 чыканак».
^ Сөзмө-сөз: «3 000 бат». Б14 тиркемесин кара.