Жылнаама 2-китеп 5:1—14
5 Ошентип, Сулайман Жахабанын ибадатканасына байланышкан иштердин баарын бүтүрдү.+ Ал атасы Дөөтү Кудайга арнаган*+ алтын-күмүштүн жана башка буюмдардын баарын алып келип, чыныгы Кудайдын ибадатканасындагы казыналарга өткөрдү.+
2 Андан соң Сулайман падыша Ысрайылдын аксакалдарын, ысрайыл элинин уруу башчылары менен урук башчыларынын баарын Иерусалимге чогултту. Алар Жахабанын келишим сандыгын Дөөтүнүн шаарынан,+ башкача айтканда, Сиондон+ алып келиш үчүн келишти.
3 Ошентип, жетинчи айда өткөрүлчү майрамда* бүт ысрайылдыктар падышанын алдына чогулушту.+
4 Ысрайыл аксакалдарынын баары келгенде, Леби уруусундагылар келишим сандыгын алып жөнөштү.+
5 Алар келишим сандыгын, жолугушуу чатырын,+ анын ичиндеги ыйык нерселердин баарын көтөрүп жөнөштү, аларды дин кызматчылар менен лебилер* көтөрүп барышты.
6 Сулайман падыша менен ага келген бүт Ысрайыл жамааты болсо келишим сандыгынын алдына чогулушту. Алар укмуштай көп, санап бүткүс кой менен бодо малды курмандыкка чалышты.+
7 Андан соң дин кызматчылар Жахабанын келишим сандыгын ибадаткананын ички бөлмөсүнө — Ыйыктын ыйыгына — алып кирип, ал үчүн даярдалган орунга, керуптардын канаттарынын астына, коюшту.+
8 Келишим сандыгы коюлган жердеги ошол керуптардын канаттары жайылып тургандыктан, алар келишим сандыгын да, анын шыргыйларын+ да үстү жагынан жаап турду.
9 Шыргыйлар узун болгондуктан, алардын учтары ички бөлмөнүн алдындагы Ыйык жайдан көрүнүп турчу, бирок сырттан көрүнчү эмес. Алар бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде турат.
10 Келишим сандыгынын ичинде Муса пайгамбар Хореп тоосунда салган эки таш лооктон+ башка эч нерсе жок болчу. Муса аларды Жахаба Мисирден чыккан+ ысрайыл эли менен келишим түзгөндө+ салган эле.
11 Дин кызматчылар ыйык жерден чыгышты. (Ал жердеги дин кызматчылардын баары, кайсы топко киргенине карабай,+ тазалануу расмисинен өткөн*+ болчу.)
12 Асап,+ Хеман,+ Жедутун+ жана алардын уулдары менен туугандары жетектеген ырчы лебилердин+ баары өзгөчө чебердик менен токулган кездемеден кийим кийип, колдоруна жез табак, арфа менен башка кыл аспаптарды кармап, курмандык жайынын чыгыш тарабында турушту. Алар менен бирге сурнай тарткан 120 дин кызматчы да турду.+
13 Сурнайчылар менен ырчылардын баары бир үндөн Жахабага ыраазычылык билдирип, аны даңктап жатышты. Алар сурнайдын, жез табактын жана башка аспаптардын коштоосунда: «...анткени ал — мээримдүү* Кудай, анын сүйүүсү түбөлүктүү»,+— деп Жахабаны даңктап ырдай баштаганда, Жахабанын ибадатканасынын ичин булут каптады.+
14 Булут каптап, чыныгы Кудай Жахабанын ибадатканасы анын даңкына толгондуктан, дин кызматчылар ал жерде кызмат кыла албай калышты.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «ыйыктаган».
^ Же: «дин кызматчы-лебилер».
^ Сөзмө-сөз: «ыйыкталган».
^ Сөзмө-сөз: «жакшы».