Жылнаама 2-китеп 8:1—18

  • Сулайман жүргүзгөн башка курулуштар (1—11)

  • Ибадатканадагы кызматтын уюштурулушу (12—16)

  • Сулаймандын кемелери (17, 18)

8  Сулайман Жахабанын ибадатканасы менен өзүнүн ак сарайын 20 жылда куруп бүттү.+ 2  Андан кийин ал Хирам+ берген шаарларды кайрадан куруп, аларды жашаганга ысрайылдыктарга берди. 3  Анан Хамат-Собага барып, аны каратып алды. 4  Андан сырткары, чөлдөгү Тадморду жана Хаматтагы+ кампалары бар шаарлардын+ баарын чыңдады. 5  Жогорку Бет-Орон+ менен Төмөнкү Бет-Оронду,+ дубал менен тосулган, дарбазалары менен бекиткичтери бар шаарларды, 6  Баалатты,+ кампалары бар бардык шаарларын, арабалары, атчан аскерлери үчүн курулган шаарлардын+ баарын чыңдады, ошондой эле Иерусалимде, Лебанондо, өзү башкарган жердин баарында эмне кургусу келсе, ошонун баарын курду*. 7  Сулайман ысрайыл элинен башкасын:+ Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, периздердин, хибилердин, жебустуктардын+ аман калгандарынын баарын, 8  алардын ысрайылдыктар тирүү калтырган+ урпактарынын бардыгын жумушка салды. Алар азыркыга чейин анын жумушун кылышат.+ 9  Бирок Сулайман ысрайылдыктардын эч кимисин кул кылган жок.+ Ал аларды өзүнө жоокер, аскер кызматкерлеринин башчысы, арабачылар менен атчандардын башчысы кылды.+ 10  Сулайман падышанын башчылардын үстүнөн коюлган 250 башчысы бар эле. Алар жумушчуларды көзөмөлдөп турушчу.+ 11  Сулайман фараондун кызын:+ «Ал аялым болсо да, ага Ысрайылдын падышасы Дөөтүнүн үйүндө жашаганга болбойт, анткени Жахабанын келишим сандыгы турган жердин баары ыйык»+ — деп, Дөөтүнүн шаарынан ал үчүн курган үйгө көчүрдү.+ 12  Андан кийин Сулайман мунаранын алдындагы+ өзү курган Жахабанын курмандык жайына+ Жахабага арнап бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды+ чала баштады. 13  Муса буйрук кылгандай, ал дем алыш күнү,+ ай жаңырганда,+ жыл сайын белгиленчү 3 майрамда:+ Калама майрамында*,+ Жумалар майрамында*+ жана Алачык майрамында*,+ алардын ар биринде эмне талап кылынса, ошолорду чалды. 14  Андан тышкары, атасы Дөөтү бекиткен тартип боюнча, дин кызматчылардын топторун+ кызматка дайындады. Ошондой эле күн сайын белгиленген тартип боюнча Кудайды даңктап,+ дин кызматчылардын алдында кызмат кылышы үчүн, лебилерди өздөрүнүн милдетин аткарганга дайындады, дарбазачыларды да топ-тобу менен ар кайсы дарбазаларга койду,+ анткени чыныгы Кудайдын кишиси Дөөтү ушундай буйрук берген болчу. 15  Алар падышанын дин кызматчылар менен лебилерге ар кандай иштер менен кампаларга байланыштуу берген бүт буйруктарын так аткарышты. 16  Жахабанын ибадатканасынын пайдубалы салынгандан баштап+ толук бүткөнгө чейин, Сулаймандын бардык иштери жакшы уюштурулуп, жакшы жүрүп жатты. Ошентип, Жахабанын ибадатканасы курулуп бүттү.+ 17  Сулайман Эсион-Геберге+ жана Эдом+ жериндеги деңиздин жээгиндеги Элатка+ барды. 18  Хирам+ өзүнүн кызматчылары менен кошо ага кемелерди, тажрыйбалуу кемечилерди жөнөтүп турду. Алар Сулаймандын кызматчылары менен чогуу Опирге+ барып, ал жактан Сулайман падышага 15 тонна 390 килограмм* алтын+ алып келишчү.+

Шилтемелер

Же: «кайра курду; чыңдады».
Сөзмө-сөз: «450 талант». Б14 тиркемесин кара.