Жылнаама 2-китеп 9:1—31
9 Шебанын канышасы+ Сулайман падыша жөнүндө угуп, аны кыйын суроолорду берип* сынаганы Иерусалимге келди. Ал көп кишилердин коштоосунда бальзам майы, абдан көп алтын,+ кымбат баалуу таштар артылган төөлөр менен келди. Каныша Сулайманга кирип, эмне жөнүндө билгиси келсе, аны менен ошонун баары жөнүндө сүйлөштү.+
2 Сулайман анын суроолорунун баарына жооп берди. Ал түшүндүрүп бере албаган бир да нерсе болгон жок.
3 Шебанын канышасы Сулаймандын акылмандыгын,+ курган үйүн,+
4 дасторконундагы тамак-ашын,+ кызматчыларынын дасторкондо кандай отурганын, тамак ташыгандардын тейлегенин, алардын кийимин, падышанын шарап сунуучуларын жана алардын кийимин, Жахабанын үйүндө дайыма чалчу бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарын көргөндө айран-таң калып,+ дал болуп калды.
5 Ал падышага: «Сиздин жетишкендиктериңиз* менен акылмандыгыңыз жөнүндө өз жеримде жүргөндө уккандарым чын экен.
6 Бул жерге келип, баарын өз көзүм менен көрмөйүнчө ал сөздөргө ишенген эмес элем.+ Көрсө, мага ашып-ташыган акылмандыгыңыздын жарымы да айтылбаптыр!+ Көргөндөрүм сиз жөнүндө уккандарымдан алда канча ашып түштү.+
7 Сиздин элиңиз да, дайыма алдыңызда туруп акылдуу сөздөрүңүздү уккан кызматчыларыңыз да кандай бактылуу!
8 Жахаба Кудайыңыз сизди анын атынан башкарган падыша кылып өзүнүн тактысына отургузду. Бул үчүн Жахаба Кудайыңызга даңк! Кудайыңыз ысрайыл элин жакшы көргөндүктөн,+ алар түбөлүккө бар болушу үчүн, сизди, адилеттүү, калыс бийлик жүргүзүшүңүз үчүн, падыша кылып дайындаптыр»,— деди.
9 Анан падышага 4 тонна 100 килограммдай* алтын,+ аябай көп бальзам майын, кымбат баалуу таштарды тартуу кылды. Сулайман падышага ошондон кийин Шебанын канышасы тартуу кылганчалык бальзам майын эч ким тартуу кылган жок.+
10 Хирам менен Сулаймандын Опирден+ алтын ташыган кызматчылары ал жактан кызыл дарак менен кымбат баалуу таштарды да ташып келишчү.+
11 Падыша ал кызыл дарактардан Жахабанын ибадатканасы+ менен падыша сарайына+ тепкичтерди, ошондой эле ырчылар үчүн арфаларды жана башка кыл аспаптарды жасатты.+ Буга чейин Жүйүт жериндегилер мындайды көрө элек болчу.
12 Сулайман падыша Шебанын канышасына ал каалаган, ал сураган нерсенин баарын берди, ага өзү алып келгенден да* көп нерсе берди. Ошентип, каныша кызматчылары менен өз жерине кайтты.+
13 Сулайманга жыл сайын 23 тоннадай* алтын түшүп турчу.+
14 Андан сырткары, жер кезип жүргөн көпөстөр менен соодагерлер, Арабиянын бардык падышалары, жергиликтүү башкаруучулар да Сулайманга алтын-күмүш алып келип турушчу.+
15 Сулайман падыша алтындын эритиндисинен 200 чоң калкан+ (ар бирине 7 килограммдай* эритилген алтын кетти),+
16 300 кичине калкан* (ар бирине 2 килограммдай* алтын кетти) жасатты. Анан аларды Лебанон токою деп аталган үйгө койдурду.+
17 Падыша ошондой эле пилдин сөөгүнөн чоң такты жасатып, аны таза алтын менен каптатты.+
18 Тактынын алды жагына 6 тепкич, ошондой эле тактыга бириктирип алтындан бут койгуч жасатты. Тактынын эки жагына болсо чыканак койгучтарды жана 2 арстан+ жасатты.
19 Алты тепкичтин эки жагында да алты-алтыдан 12 арстан+ турчу. Мындай эч бир падышалыкта болгон эмес.
20 Сулайман падышанын суусундук ичкен идиштеринин баары алтындан, ошондой эле Лебанон токою деп аталган үйдөгү идиштердин баары таза алтындан жасалган эле. Күмүштөн жасалган бир да нерсе жок болчу, анткени Сулаймандын убагында күмүш бааланчу эмес.+
21 Падышанын Таршышка+ каттаган кемелери бар болчу. Аларды Хирамдын кызматчылары+ башкарчу. Ал кемелер менен үч жылда бир жолу алтын, күмүш, пилдин сөөгүн,+ ошондой эле маймылдар менен тоосторду ташып келишчү.
22 Сулайман падышага байлыгы, акылмандыгы жагынан жер жүзүндөгү бир да падыша тең келчү эмес.+
23 Жердин чар тарабындагы падышалар чыныгы Кудай берген акылмандыгын угуш үчүн Сулайманга келишчү.+
24 Келгендердин ар бири ага күмүштөн, алтындан жасалган буюмдарды, кийимдерди,+ курал-жарактарды, бальзам майын, жылкылар менен качырларды тартуу кылышчу, жыл сайын ушундай болчу.
25 Сулаймандын аттары менен арабалары үчүн 4 000 атканасы, 12 000 жылкысы* бар болчу.+ Ал аларды арабалар үчүн курулган шаарларда жана Иерусалимде өзүнө жакын жерде кармады.+
26 Сулайман Эфрат* дарыясынан пелиштиликтердин жерине чейинки, ошондой эле Мисирдин чек арасына чейинки падышалардын баарын башкарды.+
27 Анын күндөрүндө Иерусалимде күмүш таштай, бал карагай Шепелада өскөн анжир дарагындай көп болду.+
28 Сулайманга жылкыларды Мисирден+ жана башка жерлерден алып келишчү.
29 Сулаймандын жашоосунда болгон окуялар+ башынан аягына чейин Натан+ пайгамбардын жазгандарында, шилолук Ахиянын+ алдын ала айткан сөздөрү жазылган билдирүүдө жана Идо+ пайгамбардын Небаттын уулу Жеробам+ жөнүндө көргөн аяндары жазылган билдирүүдө баяндалган.
30 Сулайман Иерусалимде бүт Ысрайылга 40 жыл падышалык кылды.
31 Анан ал ата-бабаларындай эле көз жумуп, атасы Дөөтүнүн шаарына+ коюлду. Ордуна уулу Рехабам падыша болду.+
Шилтемелер
^ Же: «табышмактарды айтып».
^ Же: «сөздөрүңүз».
^ Сөзмө-сөз: «120 талант». Б14 тиркемесин кара.
^ Же балким: «өзү падышага алып келген белектердин баасына тете болгон нерселерден сырткары».
^ Сөзмө-сөз: «666 талант».
^ Сөзмө-сөз: «600 шекел». Б14 тиркемесин кара.
^ Көбүнчө жаачылар көтөргөн чакан калкан.
^ Сөзмө-сөз: «3 мина». Б14 тиркемесин кара.
^ Же: «атчан аскери».
^ Евфрат.