Забур 1:1—6

  • Эки жол

    • Кудайдын мыйзамынан рахат алуу (2)

    • Адилдер өз маалында жемиш берген дарактай (3)

    • Ыймансыздар шамал учурган топондой (4)

1  Ыймансыздардын кеңеши боюнча жүрбөгөн,Күнөөкөрлөрдүн жолуна түшпөгөн,+Шылдыңчылдар менен бирге отурбаган киши бактылуу.+  2  Ал Жахабанын* мыйзамынан рахат алат,+Анын мыйзамын күнү-түнү ой жүгүртүп* окуйт.+  3  Ал суу боюна отургузулуп,Өз маалында жемиш берген,Жалбырагы соолубаган дарактай болот. Эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет.+  4  Ыймансыздар болсо андай эмес,Алар шамал учуруп кете турган топондой.  5  Ошон үчүн ыймансыздар жазадан качып кутула албайт,+Күнөөкөрлөр адил адамдардын жыйынында болбойт.+  6  Себеби Жахаба адил адамдардын иштерин билет*,+Ал эми ыймансыздардын иштерин* ойрон кылат.+

Шилтемелер

Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же: «бир аз үн чыгарып».
Же: «жүргөн жолун жактырат».
Же: «жолун».