Забур 104:1—35
104 Жахабаны алкап-мактайын.+
Оо, Жахаба Кудайым, сен укмуштуудай улуксуң.+
Улуулук* менен көрккө оронгонсуң.+
2 Жарыкты кийимдей кылып кийгенсиң,+Асманды чатырдай кылып жаясың.+
3 Турак жайыңды асмандагы суулардын үстүнө курасың,+Булуттарды өзүңө араба кыласың,+Шамалдын канаттарынын үстү менен жүрөсүң.+
4 Периштелериңди шамалдай күчтүү*,Кызматчыларыңды жалмаган оттой кыласың.+
5 Жерди бекем пайдубалга орнотконсуң,+Ал кылымдан кылымга, түбөлүккө ордунан жылбайт.+
6 Терең сууларды жер бетине кийимдей кылып жапкансың,+Суулар тоолорду каптап турган.
7 Сен үнүңдү көтөргөндө, суулар качкан,+Күркүрөгөн үнүңөн буркан-шаркан түшүп качкан,
8 Өзүң даярдап койгон жерге качкан.
Тоолор көтөрүлгөн,+ өрөөндөр чөккөн.
9 Өз чегинен ашпашы үчүн,Жерди кайра каптабашы үчүн, сууларга чек койгонсуң,+
10 Өрөөндөрдөн булактарды чыгаргансың,Алар тоо аралап агат.
11 Алардан талаа жаныбарларынын баары ичет,Жапайы эшектер суусунун кандырып турат.
12 Алардын жанына асман куштары уя салат,Жалбырагы жыш шактардын арасынан сайрашат.
13 Сен жогорудагы турагыңдан тоолорду сугарасың,+Иштериңдин жемишине жер тоёт.+
14 Мал үчүн көк чөп,Адамзат үчүн өсүмдүк өстүрөсүң,+Ошентип жерден азык өндүрөсүң.
15 Адамдын жүрөгүн шаттанткан шарапты,+Жүзүн жылтыраткан зайтун майын,Ага күч-кубат болор нанды бересиң.+
16 Жахабанын дарактары,Өзү отургузган Лебанон* бал карагайлары жакшы сугарылат.
17 Аларга чымчыктар уя салат,Арчалардын арасы илегилекке+ үй болот.
18 Көк тиреген тоолор — тоо текелердин мекени,+Аскалар — тоо дамандарынын* баш маанасы.+
19 Сен айды убакытты белгилеш үчүн жараткансың;Күн да өзүнүн батар убагын жакшы билет.+
20 Караңгылык каптатасың, ошондо түн кирет,+Түн ичинде болсо бүт токой жаныбарлары жортуп жүрөт.
21 Жаш арстандар* жем издеп арылдайт,+Кудайдан тамак сурайт.+
22 Күн нурун чачканда, көздөн кайым болушат,Жайына кайтып барып, ошол жакта жатышат.
23 Ошондо адам иш кылганы чыгат,Кечке чейин жаны тынбайт.
24 Оо, Жахаба, сенин жасаган иштериң кандай көп!+
Алардын баарынан акылмандыгың көрүнүп турат.+
Жер колуңан бүткөн нерселерге толгон.
25 Мына, учу-кыйыры көрүнбөгөн зор деңиз,Андагы чоң-кичине жандыктар сан жеткис.+
26 Үстүндө кемелер сүзүп жүрөт,Сен жараткан лебиатан*+ оюн салат.
27 Өз маалында тамак беришиң үчүн,Бардыгы сени күтөт.+
28 Алар бергениңди жейт.+
Колуңду ачканда, берекеңе тоёт.+
29 Жүзүңдү буруп, жашырсаң, алардын тынчы кетет.
Өмүр демин алсаң, өлүшөт да, топуракка айланышат.+
30 Ыйык рухуңду* жиберсең, бардыгы жаратылат,+Сен жер бетин жаңыртасың.
31 Жахабанын даңкы түбөлүктүү.
Жахаба өз иштерине кубанат.+
32 Ал жерди караганда, жер титирейт,Тоолорго тийгенде, алар түтөйт.+
33 Мен Жахабаны өмүр бою ыр менен даңктайм,+Тирүү турганымда Кудайымды даңазалап ырдайм*.+
34 Ойлорум Кудайга жакса экен*.
Жахабаны ойлоп кубанычка бөлөнөм.
35 Күнөөкөрлөр жер үстүнөн жок кылынат,Ыймансыздар күм-жам болот.+
Жахабаны алкайын. Жахты даңктагыла!
Шилтемелер
^ Же: «Кадыр-барк».
^ Же: «кубаттуу рух».
^ Ливан.
^ Аска-зоолордо жашаган коён сымал жаныбарлар.
^ Же: «Жалы бар жаш арстандар».
^ Б. а. Кудайдын ыйык күчү.
^ Же: «күү чертем».
^ Же балким: «Кудай жөнүндө ойлонгонум ага жакса экен».