Забур 106:1—48
106 Жахты даңктагыла!
Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал — мээримдүү* Кудай,+Анын сүйүүсү* түбөлүктүү.+
2 Жахабанын зор иштеринин баарын ким айтып түгөтө алат?
Алкышка татыктуу иштеринин бардыгын ким жар салып бүтө алат?+
3 Акыйкат иш кылгандар,Ар дайым туура иш кылгандар бактылуу.+
4 Оо, Жахаба, элиңе ырайым кылганда мени да эстей көр.+
Мага кам көрүп, мени куткара көр,
5 Өзүң тандап алгандарга кылган жакшылыгыңды көрөйүн,+Элиң менен чогуу кубанайын,Энчиң менен бирге сени сыймыктана алкап-мактайын.
6 Ата-бабаларыбызга окшоп, биз да күнөөгө баттык,+Жамандык кылдык; ыймансыздыкка бардык.+
7 Мисирде ата-бабаларыбыз кереметтүү иштериңди баалашкан эмес*.
Улуу сүйүүңдү* унутуп,Деңиздин, Кызыл деңиздин жээгинде козголоң чыгарышкан.+
8 Кудай болсо аларды ысмы даңкталышы үчүн,+Өз кудуретин көрсөтүш үчүн куткарган.+
9 Ал буйрук кылганда, Кызыл деңиз соолуп калган,Анан элин деңиздин түбү аркылуу чөлдөн өткөргөндөй алып өткөн.+
10 Аларды кастын колунан куткарган,+Душмандын чеңгелинен бошоткон.+
11 Душмандарын суу басып калган,Бири да тирүү калган эмес.+
12 Ошондо Кудайдын эли анын убадасына ишенип,+Аны даңктап ырдай баштаган.+
13 Бирок анын кылганын тез эле унутуп коюшкан,+Ал кеп-кеңешин айткыча күтүшкөн эмес.
14 Ээн талаада каалоолорун ооздукташкан эмес,+Чөлдө Кудайды сынашкан.+
15 Ошондо Кудай алардын сураганын берген,Бирок анан алдан-күчтөн тайдырган оору жиберип, аларды өлтүргөн.+
16 Алар конушта Мусага,Жахабанын ыйык кызматчысы+ Арунга көз арта башташкан.+
17 Ошондо жер араанын ачып, Датанды жутуп кеткен,Абырамдын жанына чогулгандар көмүлүп калган.+
18 Алардын арасында от алоолонгон,Ыймансыздарды жалын жалмап кеткен.+
19 Алар Хорепте музоо жасап,Куйма бурканга табынышкан.+
20 Ошентип, Кудайды даңктабай,Чөп жеген буканын сөлөкөтүнө сыйына башташкан.+
21 Алар Кудайды, өздөрүнүн Куткаруучусун, унутуп коюшкан.+
Мисирде улуу иштерди кылган Кудайды,+
22 Хамдын жеринде кереметтерди,+Кызыл деңизде сестентерлик иштерди жасаган Кудайды унутуп коюшкан.+
23 Кудай аларды кырып салганга буйрук берейин дегенде,Анын кайнаган каарын кайт кылыш үчүнТандап алган кызматчысы Муса андан жалынып-жалбарган.+
24 Кийин алар сонун жерди жеришкен,+Кудайдын убадасына ишенишкен эмес.+
25 Чатырларында кайра-кайра наалышкан,+Жахабанын үнүнө кулак салышкан эмес.+
26 Ошон үчүн ал ант берип*,Аларды чөлдө жок кыларын айткан,+
27 Урпактарын болсо башка элдердин арасына чачыратып жиберерин,Алардын бөтөн жерлерде жүрүп жок болорун айткан.+
28 Кийин алар Пеор Баалына табынып*,+Өлгөндөргө* багышталган курмандыктарды жешкен.
29 Кылган иштери менен Кудайды каардантышкан,+Ошондо алардын арасында кыргын башталган.+
30 Бирок Пинехас ордунан туруп, иш-аракет кылганда,Кыргын токтогон.+
31 Ошон үчүн ал муундан муунга, түбөлүккөАдил деп эсептелип калган.+
32 Алар Кудайды Мерибадагы суунун жанында каардантышкан,Алардын айынан Муса зыян тарткан.+
33 Аны ачуулантышкандыктан,Ал ойлонбой сүйлөп алган.+
34 Алар башка элдерди жок кылышкан эмес,+Ошентип Жахабанын буйругуна баш ийишкен эмес.+
35 Тескерисинче, алар менен аралашып,+Жаман иштерин үйрөнүшкөн.+
36 Алардын буркандарына кызмат кылышкан,+Бул өздөрүнө тузак болгон.+
37 Жиндерге багыштапУул-кыздарын курмандыкка чалышкан.+
38 Жазыксыз кишинин канын,+Уул-кыздарынын канын көп төгүшкөн,Аларды канаандыктардын буркандарына курмандыкка чалышкан.+
Ошентип, жер кан төгүүдөн улам арамдалган.
39 Алар иштеринин айынан арамдалышкан,Өз Кудайын таштап, башка кудайларга сыйынышкан*.+
40 Ошондо Жахаба элине каарданып,Өз энчисинен жийиркенип калган.
41 Аларды кайра-кайра башка элдердин колуна салып берип,+Жек көргөн душмандарына башкартып койгон.+
42 Душмандары аларды эзишкен,Өз бийлигине баш ийдиришкен.
43 Кудай көп жолу куткарса да,+Алар тил албай, козголоң чыгара беришкен,+Күнөөлөрү үчүн басынтылышкан.+
44 Бирок Кудай алардын кыйналганын көрүп,+Жардам сурап зарлаганын уккан.+
45 Аларды ойлоп, алар менен түзгөн келишимин эстеген,Улуу сүйүүсүнөн* улам аларды аяган*.+
46 Элин туткундагандардын баарынаАларга боор ачыганга түрткү берген.+
47 Ыйык ысмыңды даңктап,+Өзүңдү кубана алкап-макташ үчүн,+Оо, Жахаба Кудайыбыз, бизди куткар,+Бизди элдердин арасынан чогулта көр.
48 Ысрайылдын Кудайы ЖахабаТүбөлүктөн түбөлүккө даңкталсын.+
Ошондо бүт эл: «Оомийн!» — десин.
Жахты даңктагыла!
Шилтемелер
^ Же: «туруктуу сүйүүсү».
^ Сөзмө-сөз: «жакшы».
^ Же: «маанисин түшүнүшкөн эмес».
^ Же: «туруктуу сүйүүңдү».
^ Же: «колун көтөрүп ант берип».
^ Же: «жабышып».
^ Же балким: «Жансыз кудайларга».
^ Бул каймана мааниде сойкулардай болуп жалган кудайлар менен ыпылас ишке барганды билдирет.
^ Же: «туруктуу сүйүүсүнөн».
^ Же: «өкүнгөн».