Забур 108:1—13

  • Душманды жеңгенге жардам сурап тиленүү

    • «Пенде куткара албайт» (12)

    • «Кудай бизге күч берет» (13)

Дөөтүнүн ыры. 108  Оо, Кудай, мен бүт жүрөгүм менен сага берилгем,Сени бүт жүрөгүм менен даңктап ырдайм, күү аспап чертем.+  2  Ойгон, кыл аспап, ойгон, арфа,+ сен дагы. Мен ойготом ак таңды.  3  Оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңазалайм,Элдердин арасында даңктап ырдайм*.  4  Анткени туруктуу сүйүүң улуу, асманга жетет,+Берилгендигиң көккө чейин жетет.  5  Оо, Кудай, улуулугуң асмандан да жогоруласын,Даңкың бүт жер жүзүнө тарасын.+  6  Сүйүктүүлөрүң аман калышы үчүн,Бизди оң колуң менен куткар, тилегимди кабыл кыл.+  7  Ыйык* Кудай мындай деди: «Мен шаттанам, Шекемди+ элиме үлүшкө берем,Сукот өрөөнүн өлчөп, бөлүп берем.+  8  Гилат+ да, Менаше да меники,Эпрайым — башымдагы туулга*,+Жүйүт — падыша таягым.+  9  Маап — чылапчыным.+ Эдомго болсо сандалымды ыргытам.+ Пелиштини жеңип, шаттанып кыйкырам».+ 10  Чептүү шаарга мени ким алып барат? Эдомго ким жетектеп барат?+ 11  Сен эмеспи, бизди таштап койгон Кудайыбыз,Аскерлерибиз менен салгылашка чыкпай калган Кудайыбыз?!+ 12  Кыйын кезеңде бизге жардам бер,+Анткени пенде куткара албайт.+ 13  Кудай бизге күч берет,+Душмандарыбызды тебелейт.+

Шилтемелер

Же: «күү чертем».
Же балким: «Ыйык жайында».
Сөзмө-сөз: «башым үчүн чеп».