Забур 110:1—7
Дөөтүнүн ыры.
110 Жахаба менин Мырзама:
«Душмандарыңды бут алдыңа жыгып бергенимче,Оң жагымда отур»,— деди.+
2 Жахаба: «Душмандарыңдын арасында бийлик* кыл» +— деп,Сага Сиондон башка жерлерди да башкарганга бийлик берет.
3 Сен аскерлериңди алып чыккан күнү элиң даяр турат.
Сага таңкы шүүдүрүмдүн тамчыларындай көп сандаган жаштарың* келет.
Алар ыйыктык менен көрккө чулганган.
4 Жахаба: «Сен түбөлүккөМелкиседек сыяктуу дин кызматчысың!»+ — деп ант берди,Ал оюн өзгөртпөйт*.
5 Жахаба сенин оң жагыңда* турат,+Каары кайнаган күнү падышалардын таш-талканын чыгарат.+
6 Ал элдерди соттоп, өкүмүн ишке ашырат,+Жерди өлүккө толтурат.+
Кенен жердин* башчысын кыйратат.
7 Ал* жолдон өзөндүн суусунан ичет.
Ошондуктан жеңишке жетет.
Шилтемелер
^ Же: «үстөмдүк».
^ Же: «эр-азаматтардан турган аскериң».
^ Же: «өкүнбөйт».
^ Же: «оң колуң тарапта».
^ Же: «Бүтүндөй жердин».
^ 1-аяттагы «Мырзаны» билдирет.