Забур 114:1—8

  • Ысрайыл элинин Мисирден чыгышы

    • «Деңиз, эмнеге качкансың?» (5)

    • «Тоолор, эмнеге кочкорлордой... так секиргенсиңер?» (6)

    • Кудай «аска ташты суу башатына айлантат» (8)

114  Ысрайыл эли Мисирден* чыкканда,+Жакыптын урпактары тили бөлөк элдин арасынан чыкканда,  2  Жүйүт Кудайдын ыйык жайы,Ысрайыл ээлиги болгон.+  3  Муну көрүп, деңиз качкан,+Иордан дарыясы артты көздөй аккан.+  4  Тоолор кочкорлордой,Адырлар козулардай так секирген.+  5  Оо, деңиз, эмнеге качкансың?+ Оо, Иордан, эмнеге артты көздөй аккансың?+  6  Оо, тоолор, эмнеге кочкорлордой,Оо, адырлар, эмнеге козулардай так секиргенсиңер?  7  Оо, жер, Теңирдин алдында,Жакыптын Кудайынын алдында титире.+  8  Ал асканы камыштуу көлмөгө,Аска ташты суу башатына айлантат.+

Шилтемелер

Египеттен.