Забур 115:1—18
115 Даңкты бизге эмес, оо, Жахаба, бизге эмес,Өз ысмыңа ыйгар*,+Анткени сен ишеничтүүсүң, сүйүүң туруктуу.+
2 Башка элдер:
«Булардын Кудайы кайда?»+ — дешпесин.
3 Биздин Кудайыбыз асманда,Ал эмнени кааласа, ошону кылат.
4 Ал эми алардын буркандары алтын менен күмүштөн жасалган,Пенденин колунан жаралган.+
5 Алардын оозу бар, бирок сүйлөбөйт,+Көзү бар, бирок көрбөйт,
6 Кулагы бар, бирок укпайт,Мурду бар, бирок жыт билбейт.
7 Колу бар, бирок кармай албайт*,Буту бар, бирок баспайт,+Көмөкөйүнөн үн чыкпайт.+
8 Аларды жасагандар да,+Аларга таянгандар да ошолордой болуп калат.+
9 Оо, ысрайыл эли, Жахабага таян,+Ал — сенин жардамчың, калканың.+
10 Оо, Арундун урпактары,+ Жахабага таянгыла,Ал — силердин жардамчыңар, калканыңар.
11 Жахабадан корккондор, Жахабага таянгыла,+Ал — силердин жардамчыңар, калканыңар.+
12 Жахаба бизди унутпайт, батасын берет;Ал Ысрайылдын урпактарына батасын берет,+Арундун урпактарына батасын берет.
13 Жахаба андан корккондордун баарына,Чоңунан кичинесине чейин батасын берет.
14 Жахаба силерди көбөйтөт,Өзүңөрдү да, бала-чакаңарды да көбөйтөт.+
15 Жахаба, асман менен жердин Жаратканы,+Силерге батасын берсин.+
16 Асман Жахабага таандык,+Жерди болсо ал адам баласына берген.+
17 Өлгөндөр Жахты даңазалабайт,+Жымжырт жайга түшкөндөр аны даңктабайт.+
18 Биз болсо Жахты алкайбыз,Азыр да, келечекте да түбөлүккө алкайбыз.
Жахты даңктагыла!
Шилтемелер
^ Же: «Биз эч нерсеге татыксызбыз, оо, Жахаба, эч нерсеге татыксызбыз, даңкты өз ысмыңа ыйгар».
^ Же: «сезбейт».