Забур 12:1—8

  • Жахаба иш-аракет кылат

    • Кудайдын сөздөрү таза (6)

Жетекчиге. Шеминитке күүлөнгөн. Дөөтүнүн ыры. 12  Оо, Жахаба, мени куткара көр. Себеби ишенимдүүлөр калбай калды,Ишенсе боло тургандар адамдардын арасынан жок болду.  2  Баары бири-бирине калп айтышат,Жагалдана сүйлөшөт, анткорлонуп* алдашат.+  3  Жахаба жагалдана сүйлөгөн оозду,Мактанып сүйлөгөн тилди жок кылат,+  4  «Тилибиз менен жеңебиз. Оозубуз менен каалаганыбызды сүйлөйбүз. Бизге ким кожоюндук кыла алат?!» — дегендерди жок кылат.+  5  «Бечаралар эзилип,Жакырлар үшкүрүнүп жатат,+Ошон үчүн ордуман турам да,Аларды кемсинткендерден* куткарам»,— дейт Жахаба.  6  Жахабанын сөздөрү таза,+Чопо меште* эритилип, жети жолу тазартылган күмүштөй.  7  Оо, Жахаба, аларды өзүң сактайсың.+ Ар бирин бул муундан түбөлүккө коргойсуң.  8  Адам баласынын арасында бузулгандык кулач жайгандыктан,Ыймансыздар ээн-эркин жүрүшөт.+

Шилтемелер

Же: «кош жүрөк менен».
Же: «менменсингендерден».
Же балким: «Жерге курулган эритүүчү меште».