Забур 120:1—7
Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр*.
120 Кыйналганымда Жахабаны жардамга чакырдым,+Ал мага жооп берди.+
2 Оо, Жахаба, мени жалаачылардан,Жалган сүйлөгөндөрдөн куткара көр.
3 Башкаларды адаштырыш үчүн жалган айткан киши,+Кудай сени эмне кыларын, кантип жазалай турганын билесиңби?
4 Ал сени жоокердин учтуу жебелери,+Күйгөн бадалдын чогу менен жазалайт.+
5 Мешехте+ келгин болуп жашаганым үчүн,Кедар+ чатырларынын арасында жашаганым үчүн башыма каран түн түштү!
6 Мен тынчтыкты жек көргөндөр мененКөптөн бери жашап келатам.+
7 Мен тынчтыкка умтулам, бирок тынчтыкты сөз кылдым дегиче,Алар мени менен согушканга даяр турушат.