Забур 122:1—9

  • Иерусалимде тынчтык болушун тилөө

    • Жахабанын үйүнө бараткандагы кубаныч (1)

    • Бир бүтүн болуп курулган шаар (3)

Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр. Дөөтүнүн ыры. 122  Мага: «Жүр, Жахабанын үйүнө баралы»,— дешкенде,Сүйүнүп кеттим.+  2  Оо, Иерусалим, биз дарбазаларыңдан кирип,Ичкериде турабыз.+  3  Иерусалим — үйлөрү бири-бирине жакын салынып,Бир бүтүн болуп курулган шаар.+  4  Ал шаарга уруулар,Жахтын уруулары киришет,Анын ысрайыл элине берген насаатына ылайык,Жахабанын ысмын даңктаганы киришет.+  5  Анткени ал жакта сот тактылары,Дөөтүнүн урпактарынын тактылары, турат.+  6  Иерусалимде тынчтык болушун тилегиле.+ Оо, шаар*, сени жакшы көргөндөр коопсуз болот.  7  Коргон дөбөлөрүңөн* тынчтык,Чептүү мунараларыңан бейпилдик кетпесин.  8  Боордошторум менен жакындарымды ойлогондуктан: «Иерусалим, сенде тынчтык өкүм сүрсүн»,— дейм.  9  Жахаба Кудайыбыздын үйүн жакшы көргөндүктөн+Сага жакшылык тилейм.

Шилтемелер

Иерусалим шаарын билдирет.
Же: «дубалдарыңан».