Забур 123:1—4

  • Жахабадан ырайым кылышын күтүү

    • Кул кожоюнун карагандай, «Жахаба Кудайыбызды карайбыз» (2)

    • «Жетишерлик эле жек көрүндү болдук» (3)

Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр. 123  Оо, асмандагы тактыда отурган Кудай,Көзүмдү сенден албайм.+  2  Кулдар кожоюнунун колун,Күң мырзайымынын колун карагандай,Биз да Жахаба Кудайыбызды карайбыз,+Ырайым кылышын күтүп самайбыз.+  3  Бизге ырайым кыла көр, оо, Жахаба, ырайым кыла көр,Анткени жетишерлик эле жек көрүндү болдук.+  4  Өзүнө таянгандардын шылдыңы,Текеберлердин жек көргөнү жаныбызга батты.

Шилтемелер