Забур 126:1—6
Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр.
126 Жахаба Сиондон туткундалып кеткендерди кайрып келгенде,+Түш көргөндөй эле болгонбуз.
2 Ууртубуз күлкүгө толуп,Кубанып кыйкырганбыз.+
Ошондо башка элдер:
«Жахаба булар үчүн улуу иштерди жасады»,+— дешкен.
3 Жахаба биз үчүн улуу иштерди жасады,+Ошон үчүн кубанып-шаттанып жатабыз.
4 Оо, Жахаба, Негептин дарыяларын* кайрадан сууга толтургандай,Туткундалган элибизди кайра кайрып кел*.
5 Көз жашын төгүп үрөн сепкендерТүшүмүн кубанып-шаттанып оруп алышат.
6 Талаага баштык толо үрөнүнЫйлап-сыктап көтөрүп барган кишиБооланган эгинин көтөрүп,+Кубанып-шаттанып кайтат.+