Забур 127:1—5

  • Кудай колдобосо, баары бекер

    • «Үйдү Жахаба курбаса» (1)

    • «Балдар — Жахаба берген мурас» (3)

Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр. Сулаймандын ыры. 127  Үйдү Жахаба курбаса,Аны куруп жаткандардын жан үрөп иштегени бекер.+ Шаарды Жахаба кайтарбаса,+Сакчынын уктабай сак турганы бекер.  2  Силердин эрте турганыңар,Кеч жатканыңар,Нан табыш үчүн катуу мээнет кылганыңар бекер,Анткени Кудай жакшы көргөн кишисине кам көрөт, уйкусун да таттуу кылат.+  3  Мына, балдар* — Жахаба берген мурас,+Перзенттер* — ал берген сыйлык*.+  4  Адамдын жаш кезинде төрөлгөн уулдары+Күчтүү кишинин колундагы жебелердей.  5  Саадагын аларга толтурган киши бактылуу.+ Алар* уятка калышпайт. Себеби алар* шаар дарбазасынын алдында душмандар менен сүйлөшөт.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «уулдар».
Сөзмө-сөз: «Жатындын жемиши».
Же: «белек».
Сыягы, аталарды билдирет.
Сыягы, уулдарын билдирет.