Забур 128:1—6
Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр.
128 Жахабадан корккон,Анын жолунда жүргөн ар бир киши бактылуу.+
2 Эгер ошентсең, кылган оор эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң.
Бактылуу болуп, өркүндөп-өсөсүң.+
3 Үйүңдөгү аялың мөмөсү мол жүзүмдөй болот,+Сени тегеректеп дасторкондо отурган уулдарың зайтун дарагынын өнүп чыккан сабактарындай болот.
4 Жахабадан корккон кишиМына ушундай бата алат.+
5 Жахаба сага Сиондон батасын берет.
Өмүр бою Иерусалимдин гүлдөгөнүн гана көр,+
6 Неберелериңди көр.
Ысрайылда тынчтык болсун!