Забур 13:1—6
Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.
13 Оо, Жахаба, мени качанкыга чейин эстебейсиң? Түбөлүккөбү?
Качанкыга чейин менден жүзүңдү жашырасың?+
2 Качанкыга чейин тынчым кетип,Жүрөгүм күн сайын кайгыдан мыкчылат?
Качанкыга чейин душманым мага үстөмдүк кылат?+
3 Мага көз кырыңды салып, жооп бере көр, оо, Жахаба Кудайым.
Өлүм уйкусуна кетпешим үчүн, көзүмдүн нурун жандыра көр,
4 Душманым: «Аны жеңдим!» — дебесин,Кастарым кулаганымды көрүп сүйүнбөсүн.+
5 Мага болгон сүйүүң туруктуу экенине ишенем,+Куткарганыңды көрүп, жүрөгүм кубанычка толот.+
6 Жахабаны даңктап ырдайм, анткени менден жакшылыгын аяган жок*.+
Шилтемелер
^ Же: «мага сыйлык берди».