Забур 130:1—8

  • «Кыйналып туңгуюкка түшкөндөй болгондо сага жалбарам»

    • «Сен, Жах, күнөөлөргө эле көңүл бура берсең» (3)

    • Жахаба чындап кечирет (4)

    • «Жахабанын жардамын... эңсеп күтөм» (6)

Шаарга чыгып баратканда ырдалчу ыр. 130  Оо, Жахаба, кыйналып туңгуюкка түшкөндөй болгондо сага жалбарам.+  2  Оо, Жахаба, үнүмдү уга көр. Жардам сурап зарлаганыма назар сала көр.  3  Эгер сен, Жах, күнөөлөргө эле көңүл бура берсең*,Оо, Жахаба, анда ким айыпсыз деп эсептеле алат?+  4  Бирок адамдар сени кастарлап турушу үчүн,+Аларды чындап кечиресиң.+  5  Жахабага үмүт артам, бүт жүрөгүм* менен үмүт артам,Айткан сөзүнүн аткарылышын күтөм.  6  Сакчылардын таңды күткөнүнө,Таңдын атышын күткөнүнө караганда+Мен Жахабанын жардамын көбүрөөк эңсеп күтөм.+  7  Ысрайыл Жахабанын жардамын күтсүн,Анткени Жахабанын сүйүүсү туруктуу,+Кудурети зор, ал өз элин куткара алат*.  8  Ал ысрайыл элин бардык күнөөлөрүнөн арылтат.

Шилтемелер

Же: «күнөөлөрдү эле көрө берсең; санай берсең».
Же: «жан дүйнөм».
Же: «кун төлөп куткара алат».