Забур 137:1—9
137 Биз Бабылда дарыялардын+ жээгинде отуруп,Сионду эстеп ыйлачубуз.+
2 Ал жакта өскөн теректергеАрфаларыбызды илип койчубуз.+
3 Бизди туткунга алгандар ырдап беришибизди,+Бизди шылдыңдагандар көңүлүн ачышыбызды талап кылып:
«Сион ырларынан ырдап бергиле»,— дешчү.
4 Бөтөн жерде жүрүпЖахаба жөнүндө кантип ырдамак элек?
5 Оо, Иерусалим, эгер сени унутсам,Оң колум эч нерсеге жарабай калсын*.+
6 Оо, Иерусалим, эгер сени эсимен чыгарып койсом,Мени кубандырган нерселердин баарынан+Сени жогору көрбөсөм,Тилим таңдайыма жабышып калсын.
7 Оо, Жахаба, Иерусалим кыйраган күнүЭдомдуктардын эмне дегенин,Алардын: «Талкалагыла! Аны пайдубалына чейин талкалагыла!» — дегенин эсте.+
8 Оо, жакында жер менен жексен боло турган Бабыл,+Сен бизди кандай кылсаң,Сени да ошондой кылган бактылуу болот.+
9 Балдарыңды кармап,Ташка чапкан бактылуу болот.+
Шилтемелер
^ Же балким: «куурап калсын».