Забур 139:1—24
Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.
139 Оо, Жахаба, сен мени кылдат изилдегенсиң, мени жакшы билесиң.+
2 Качан отуруп, качан турарымды билесиң,+Оюмду алыстан эле баамдайсың.+
3 Жол жүргөнүмдө да, жатканымда да, мени байкап турасың,Баскан жолумдун* баары сага белгилүү.+
4 Оозуман сөзүм чыга электе эле,Оо, Жахаба, сен аны жакшы билесиң.+
5 Мени коргош үчүн алды-артыман курчап турасың,Мени жетектейсиң*.
6 Мени ушунчалык жакшы билериңе айран-таң калам*.
Муну акылыма сыйдыра албайм.+
7 Сенин рухуңдан качып, кайда барам,Сен көрө албай турган кайсы жерге барып жашынам?+
8 Асманга чыксам да, сен ошол жакта болмоксуң,Төшөгүмдү көргө* салсам да, ошол жерде болмоксуң.+
9 Таң шооласындай асманды заматта кезип өтүп,Эң алыскы деңиздин жээгине барып консом да,
10 Ошол жерде колуң мени жетелеп жүрмөк,Оң колуң менен мени колдоп турмаксың.+
11 «Мени караңгылык жашырып калат!» — десем да,Сен үчүн айланамдагы түн жарыктай эле болмок.
12 Караңгылык да сага караңгы болмок эмес,Түн күндүзгүдөй жапжарык болмок;+Караңгылык сен үчүн жарыктай эле.+
13 Анткени бөйрөктөрүмдү сен жараткансың,Мени энемдин ичинде жашыргансың*.+
14 Сени даңктайм, анткени мен ары таң каларлык, ары кереметтүү жаратылгам.+
Сенин иштериң кереметтүү,+Муну эң сонун билем.
15 Көзгө көрүнбөгөн жерде жаратылып жатканымда,Жатында өрчүп* жатканымда,Сөөктөрүм сенден жашыруун эмес болчу.+
16 Көздөрүң мени түйүлдүк кезимде эле көргөн.
Денемдин бардык бөлүктөрү,Алардын качан калыптанарыБири да пайда боло электе эле китебиңе жазылып коюлган.
17 Сенин ойлоруң мен үчүн кандай гана баалуу!+
Оо, Кудай, аларга сан жетпейт!+
18 Санасам, кумдан да көп болмок.+
Ойгонгонумда да санаганымды уланта бермекмин*.+
19 Оо, Кудай, ыймансызды сулатсаң кана!+
Ошондо зөөкүрлөр* менден алыстамак,
20 Сен жөнүндө кара ниеттик менен жаман нерселерди айткандар менден алыстамак.
Алар — ысмыңды жөнү жок колдонуп жаткан душмандарың.+
21 Оо, Жахаба, сени жек көргөндөрдү жек көрбөй коёмбу?+
Сага каршы чыккандардан жийиркенбей коёмбу?+
22 Аларды аябай жек көрөм.+
Алар мага чындап эле душман болуп калышты.
23 Оо, Кудай, мени изилдеп, жүрөгүмдө эмне бар экенин бил.+
Мени текшерип, тынчымды кетирген ойлорумду бил.+
24 Ичимде мени кооптуу жолго түртө турган эч нерсе жокпу, байкап көр.+
Мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр.+
Шилтемелер
^ Же: «Эмне кылсам да».
^ Же: «Колуңду үстүмө коёсуң».
^ Же: «Ушундай билимге акылым жетпейт».
^ Же балким: «токугансың».
^ Сөзмө-сөз: «Жердин түбүндө токулуп».
^ Же балким: «оюмда сен болмоксуң».
^ Же: «канга забын болгондор».