Забур 141:1—10

  • Кудайдан коргоп калышын сурап тиленүү

    • «Тиленүүм... жыпарзаттай болсун» (2)

    • Адил адамдын ашкерелегени майдай (5)

    • «Ыймансыздардын баары өз торуна өздөрү түшөт» (10)

Дөөтүнүн ыры. 141  Оо, Жахаба, сени чакырам,+Мага тезинен жардамга кел.+ Сени чакырганымда, үнүмө кулак сала көр.+  2  Тиленүүм сага арналган, жакшы даярдалган жыпарзаттай болсун,+Колумду көтөрүп жалынганым дан азыктарынан алынып келинген кечки тартуудай болсун.+  3  Оо, Жахаба, оозума сакчы кой,Оозумдун каалгасына күзөтчү кой.+  4  Жамандык кылгандарга кошулуп жийиркеничтүү иштерге барбашым үчүн,Жүрөгүмдүн жаман нерсеге бурулушуна жол бере көрбө,+Алардын чүйгүн тамактарынан эч качан жебейин.  5  Мени адил адам урса, бул — анын жакшы көргөнү*,+Ашкерелесе, бул — башыма май сыйпаганы,+Ошенткенин эч качан четке какпайм.+ Алар үчүн кырсыкка кабылышканда да тиленем.  6  Соттору жардан кулатылса да,Эл мени кунт коюп уга берет, себеби сөздөрүм жагымдуу.  7  Жер айдаганда чачылган топурактай болуп,Сөөктөрүбүз көрдүн* оозуна чачылды.  8  Бирок мен сенден көзүмдү албайм, оо, Эгедер Теңир Жахаба.+ Мен сени баш маана кылдым. Өмүрүмдү кыя көрбө.  9  Мени бут алдыма коюлган капкандын жаагынан,Жамандык кылгандардын тузагынан сактай көр. 10  Ыймансыздардын баары өз торуна өздөрү түшөт,+Мен болсо андан аман-эсен кыя өтүп кетем.

Шилтемелер

Же: «туруктуу сүйүү көрсөткөнү».
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.