Забур 144:1—15
Дөөтүнүн ыры.
144 Менин Аска-зоом,+ Жахаба, даңкталсын.
Ал колумду салгылашканга машыктырат,Мени согушканга даярдайт.+
2 Мени туруктуу сүйүүсүнө бөлөйт; ал — менин сепилим,Коопсуз баш калкам*, куткаруучум,Калканым, баш маанам,+Ал мага элдерди баш ийдирет.+
3 Оо, Жахаба, сен байкагыдай, адам баласы ким экен?
Сен көңүл бургудай, ажалдуу адам ким экен?+
4 Адам тек гана дем сыяктуу,+Анын күндөрү өтүп кетчү көлөкөдөй.+
5 Оо, Жахаба, асманыңды эңкейтип, ылдый түш,+Колуңду тоолорго тийгизип, аларды түтөт.+
6 Чагылган чартылдатып, душманды туш тарапка чачырат,+Жебелер менен атып, дүрбөлөңгө түшүр.+
7 Жогорудан колуңду сун,Мени куткар, албууттанган суулардан чыгар,Бөтөн жерликтердин колунан куткар,+
8 Оозунан калп сөздөр чыккан,Оң колун көтөрүп, жалган ант берген ошол адамдардан куткар.
9 Оо, Кудай, сага арнап жаңы ыр ырдайм,+Он кылдуу аспап менен сени даңктап ырдайм*.
10 Сен падышаларды жеңишке жеткиресиң*,+Кызматчың Дөөтүнү кылычтын мизинен сактап келесиң.+
11 Мени бөтөн жерликтердин колунан куткар,Оозунан калп сөздөр чыккан,Оң колун көтөрүп, жалган ант берген ошол адамдардан куткар.
12 Ошондо уулдарыбыз тез өскөн жаш талдардай,Кыздарыбыз ак сарайдын бурчтарындагы оймо чегилген түркүктөрдөй болот.
13 Кампаларыбыз түрлүү данга толуп, ашып-ташыйт,Талааларыбызда малыбыз миңдеп, он миңдеп көбөйөт.
14 Бооз бодо малыбыз кырсыктабайт, өлүү туубайт.
Аянттарыбызда кайгыргандардын ыйы угулбайт.
15 Мына, ушундай эл бактылуу!
Кайсы элдин Кудайы Жахаба болсо, ошол эл бактылуу!+