Забур 146:1—10

  • Адамга эмес, Кудайга таянуу

    • Адам өлөт, «ойлору ойрон болот» (4)

    • «Жахаба бүк түшкөндөрдү тургузуп жатат» (8)

146  Жахты даңктагыла!+ Жахабаны бүт жүрөгүм менен даңктайын.+  2  Жахабаны өмүр бою даңктайм. Көзүм тирүү турганда, Кудайымды даңазалап ырдайм*.  3  Төрөлөргө* таянбагыла,Куткара албай турган адам баласына таянбагыла.+  4  Анын деми чыгат да, өзү топуракка айланат,+Ошол күнү ойлору ойрон болот.+  5  Жакыптын Кудайы жардам берген,+Жахаба Кудайынан үмүттөнгөн киши бактылуу.+  6  Ал — асман менен жерди,Деңизди жана алардагынын баарын жараткан,+Дайыма ишеничтүү болгон Кудай,+  7  Алдангандар үчүн акыйкаттыкты орноткон,Ачка болгондорго нан берген Кудай.+ Жахаба туткундарды бошотуп жатат,+  8  Жахаба сокурлардын көзүн ачып жатат,+Жахаба бүк түшкөндөрдү тургузуп жатат,+Жахаба адил адамдарды сүйөт.  9  Жахаба келгиндерди коргоп жатат,Жетим менен жесирди колдойт,+Ал эми ыймансыздардын ойлогон оюн ойрон кылат*.+ 10  Жахаба түбөлүккө Падыша болот,+Оо, Сион, сенин Кудайың муундан муунга падышалык кылат. Жахты даңктагыла!

Шилтемелер

Же: «күү чертем».
Же: «Аттуу-баштууларга».
Же: «жолун кыйшык кылат».