Забур 17:1—15

  • Жардам сурап тиленүү

    • «Сен жүрөгүмдү изилдедиң» (3)

    • «Канатыңдын көлөкөсүнө калкала» (8)

Дөөтүнүн тиленүүсү. 17  Оо, Жахаба, акыйкаттыкты издеп жалбарганымды уга көр,Жардам сурап зарлаганыма назар салып,Чын жүрөктөн чыккан тилегиме кулак төшөй көр.+  2  Менин пайдама акыйкат чечим чыгара көр,+Көзүң туура иштеримди көрсө экен.  3  Сен жүрөгүмдү изилдедиң, мени түн ичинде текшердиң,+Мени тазаладың.+ Текшергениңде эч кандай арамдык ойлобогонумду,Тилим менен күнөөгө батпаганымды көрөсүң.  4  Башкалардай болбой,Сен айткандай кылып, талап-тоноочулардын жолун жолдогон жокмун.+  5  Мүдүрүлбөшүм үчүн,Сенин жолуңда кадам шилтей бергенге жардам бер.+  6  Оо, Кудай, сага кайрылам, анткени сен сөзсүз жооп бересиң.+ Мага кулак сала көр*, айткандарымды уга көр.+  7  Оо, Кудай, сага каршы чыккандардан качып,Оң колуңа баш калкалагандардын Куткаруучусу,Туруктуу сүйүүңдү кереметтүү иштериң менен көрсөт.+  8  Мени көзүңдүн карегиндей сакта,+Канатыңдын көлөкөсүнө калкала.+  9  Мени кол салган ыймансыздардан,Курчап алган мыкаачы душмандардан сакта.+ 10  Алар мерез болуп калышкан*,Текебердене сүйлөшөт. 11  Алар мени менен жанымдагыларды курчап алышты,+Кулатыш үчүн аңдып турушат. 12  Алардын ар бири жемин жара тартканга даяр турган арстандай,Жашыруун жайда аңдып жаткан жаш арстандай. 13  Оо, Жахаба, ордуңан тур. Аларга каршы чыгып,+ сулата көр. Мени ыймансыздардан кылычың менен сактай көр. 14  Оо, Жахаба, мени куткара көр,Азыркы дүйнөнүн* кишилеринен, бул жашоонун кызыгын гана ойлогондордон, куткара көр.+ Алар сенден жакшы нерселерди мол алып,+Көптөгөн уулдарына мурас калтырып жатышат. 15  Ал эми мен адил болгондуктан ырайымыңа ээ болом*,Ойгонгондо эле жанымда экениңди билгендиктен* сүйүнөм.+

Шилтемелер

Же: «Эңкейип, кулак сала көр».
Же: «Аларды май басып калган».
Же: «доордун; замандын».
Сөзмө-сөз: «жүзүңдү көрөм».
Же: «элесиңди көрүп».