Забур 18:1—50

  • Куткарып алганы үчүн Кудайды даңктоо

    • «Жахаба — менин аскам» (2)

    • Жахаба ага берилгендерге берилгендик көрсөтөт (25)

    • «Кудайдын бардык иштери жеткилең» (30)

    • «Сенин момундугуң зоболомду көтөрөт» (35)

Жетекчиге. Жахабанын кызматчысы Дөөтүнүн ыры. Жахаба аны бардык душмандары менен Шабулдун колунан куткарып алган күнү Жахабага ырдаган ыры.+ 18  Сени жакшы көрөм, оо, Жахаба, менин күч-кубатым.+  2  Жахаба — менин аскам, чебим, Куткаруучум.+ Кудайым — баш калкалаар зоом,+Калканым, кубаттуу Куткаруучум*, коопсуз жайым.+  3  Жахаба даңкталууга татыктуу. Мен аны чакырып,Душмандарыман куткарылам.+  4  Мени өлүм аркандары чырмады,+Кара өзгөйлөрдүн суудай ташкындаганы үрөйүмдү учурду.+  5  Мени көрдүн* аркандары чырмады,Өлүм мага торун жайды.+  6  Кыйналганда Жахабаны чакырдым,Кудайыма жардам сурап жалынып жаттым. Ал ибадатканасынан үнүмдү укту,+Жардам сурап зарлаганым кулагына жетти.+  7  Ошондо жер силкинди, термелди,+Тоолордун пайдубалдары солкулдап,Анын каарынан улам титиреди.+  8  Таноолорунан түтүн,Оозунан баарын жалмай турган от чыкты,+Өзүнөн болсо чок чачырап жатты.  9  Ал асманды эңкейтип, ылдый түштү,+Бут астында коюу караңгылык жатты.+ 10  Ал керуптун* үстүнө отуруп, учуп келди,+Периштенин* канаттарына отуруп, зымырап түшүп келди.+ 11  Караңгылыкка чулганды,+Айланасын чатырдай кылып караңгылык менен,Жамгырлуу кара булуттар менен курчады.+ 12  Алдынан чачыраган жарыктан уламБулуттарды жарып өтүп, мөндүр менен чок жаады. 13  Жахаба асмандан күн күркүрөттү;+Эң Жогорку Кудай үн салганда,+Мөндүр менен чок жаады. 14  Ал жебелерин атып, душмандарымды чачыратты,+Чагылган түшүрүп, аларга дүрбөлөң салды.+ 15  Оо, Жахаба, сенин ашкерелегениңен,Таноолоруңдан чыккан демдин илебинен+Дарыялардын түбү көрүндү,+Жердин пайдубалы ачылды. 16  Ал жогорудан колун сунуп,Мени терең суудан тартып алды.+ 17  Күчтүү душманымдын колунан,+Мени жек көргөн, менден кубаттуу кишилерден куткарды.+ 18  Башыма мүшкүл түшкөн күнү алар мага каршы чыгышты,+Бирок Жахаба мага жөлөк болду. 19  Мени коопсуз жерге* алып чыкты,Ыраазы болгондуктан мени куткарды.+ 20  Жахаба адилдигиме жараша сыйлык берет,+Колумдун тазалыгына жараша тиешемди берет.+ 21  Анткени мен дайыма Жахабанын жолунда жүргөм,Кудайымды таштап, ыймансыздык кылган эмесмин. 22  Анын бүт осуяттары дайыма эсимде;Көрсөтмөлөрүн баркка албай койбойм. 23  Анын алдында кынтыксыз бойдон калам,+Күнөөдөн алыс болом.+ 24  Жахаба анын алдында адил иш кылганыма,+Таза жүргөнүмө жараша тиешемди берсин.+ 25  Сен өзүңө берилгендерге берилгендик көрсөтөсүң,+Кынтыксызга кынтыксыз мамиле кыласың.+ 26  Тазага таза мамиле кыласың,+Митаамга алданбайсың*.+ 27  Бей-бечараларды куткарасың,+Бой көтөргөндөрдү болсо басынтасың.+ 28  Жахаба, сен чырагымды күйгүзөсүң. Кудайым, мени каптап турган караңгылыкты жарык кыласың.+ 29  Сенин жардамың менен талап-тоноочуларга чабуул коём,+Кудайымдын жардамы менен дубалдан ашып өтөм.+ 30  Чыныгы Кудайдын бардык иштери* жеткилең,+Жахабанын сөзү таза.+ Кудай — ага таянгандар үчүн калкан.+ 31  Жахабадан башка Кудай барбы?+ Биздин Кудайдан башка аска-зоо барбы?+ 32  Чыныгы Кудай мени күч-кубатка толтурат,+Жолумду түздөйт.+ 33  Буттарымды маралдыкындай тез чуркай турган кылат,Мени тик жерлерде бекем тургудай кылат.+ 34  Колумду салгылашканга машыктырат,Ошондо колум жез жааны ие тартат. 35  Сен мени куткарыш үчүн калканыңды бересиң,+Оң колуң менен мени колдойсуң,Сенин момундугуң зоболомду көтөрөт.+ 36  Кадам таштаган жолумду кеңейтесиң,Ошон үчүн бутум тайып кетпейт.+ 37  Душмандарымдын артынан сая түшүп, кууп жетем,Таш-талканын чыгармайынча артка кайтпайм. 38  Аларды кайра тургус кылып талкалайм,+Алар бут алдыма жыгылышат. 39  Сен мага салгылашканга күч бересиң,Душмандарымды бут алдыма жыгасың.+ 40  Аларды менден кача тургандай кыласың,Мен өзүмдү жек көргөндөрдү талкалайм.+ 41  Алар жардам сурап кыйкырып жатышат, бирок аларды куткарар эч ким жок,Атүгүл Жахабага жалбарып жатышат, бирок ал жооп бербей жатат. 42  Мен аларды шамалга сапырылган топурактай майдалайм,Көчөдөгү баткактай кылып ыргытып таштайм. 43  Мени эл койгон айыптардан арылтасың,+Элдердин башчысы кылып дайындайсың.+ Өзүм тааныбаган эл мага кызмат кылат.+ 44  Бөтөн жерликтер мен жөнүндө угуп эле мага баш ийишет,Алар келип, мага жагалданып таазим кылышат.+ 45  Бөтөн жерликтердин кайраты качат*,Титиреп, сепилдеринен чыгышат. 46  Жахаба — тирүү Кудай! Менин Аскам даңкталсын!+ Мени куткарган Кудай даңазалансын!+ 47  Менин өчүмдү алган,+Мага элдерди багынткан — чыныгы Кудай. 48  Ал мени каардуу душмандарымдан куткарат. Оо, Кудай, сен мени кол салгандар жете албагыдай кылып жогору коёсуң,+Мыкаачы кишиден куткарасың. 49  Ошондуктан, оо, Жахаба, сени элдердин арасында даңктайм,+Ысмыңды даңазалап ырдайм*.+ 50  Ал улуу иштерди жасап, өзү дайындаган падышаны куткарды*,+Өзү тандаган Дөөтүнү жана анын тукумунТүбөлүккө сүйүүсүнө бөлөйт.+

Шилтемелер

Же: «куткаруучу мүйүзүм». Сөздүктү кара.
Еврейче шеол. Сөздүктү кара.
Же: «Шамалдын».
Жогорку даражалуу периште.
Же: «кенен жерге».
Же балким: «Митаамга акылсыздай иш кыласың». Башкача айтканда, анын кылган иши митаамдарга акылсыздыктай көрүнөт.
Сөзмө-сөз: «жолу».
Же: «Бөтөн жерликтер соолуп калышат».
Же: «күү чертем».
Же: «улуу жеңиштерге жеткирди».