Забур 19:1—14
Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.
19 Асман Кудайдын даңкын жар салат,+Бийиктеги көк* анын колунан бүткөн иштерди кабарлайт.+
2 Күн сайын алардын оозунан алкышы куюлуп турат,Ар түнү ал жөнүндө билим берип турушат.
3 Бирок айткан кеби да, сөзү да жок,Атүгүл үнү да угулбайт.
4 Ошентсе да алардын дабышы* бүт жер жүзүнө,Кабары жердин учу-кыйырына чейин жеткен.+
Кудай асманда күн үчүн чатыр тиккен.
5 Күн уктаган бөлмөсүнөн чыгып келаткан жаш күйөөдөй жаркырайт;Жарышка түшкөн эр жигиттей шаттанат.
6 Асмандын бир четинен чыгат да,Айланып, экинчи четине барат.+
Анын аптабынан эч нерсе жашына албайт.
7 Жахабанын мыйзамы жеткилең,+ адамды кайрадан күчкө толтурат*.+
Жахабанын насааты* ишеничтүү,+ тажрыйбасызды даанышман кылат.+
8 Жахабанын буйруктары адилет, жүрөктү кубантат.+
Жахабанын осуяты таза, көздү ачат*.+
9 Жахабадан корккон+ пайдалуу*, адамдар андан түбөлүккө коркушат.
Жахабанын өкүмдөрү акыйкат, бардыгы адил.+
10 Алар алтындан артык,Көптөгөн таза алтындан да баалуу,+Балдан, аарынын уюгунан тамган балдан да таттуу.+
11 Алар — кызматчың үчүн эскертүү,+Аларды аткаргандар чоң сыйлык алат.+
12 Өз жаңылыштыктарын ким көрө алат?+
Менин билбестиктен кылган күнөөлөрүмдү кечир.
13 Кызматчыңды менменсинип иш кылгандан сакта,+Андай иштердин мени бийлеп алышына жол бербе.+
Ошондо кынтыксыз болом,+Чоң* күнөөлөрдөн алыс болом.
14 Оозуман чыккан сөздөрүм, жүрөгүмдөгү ойлорум*Сага жаккыдай болсо экен,+ оо, Жахаба, менин Аска-Зоом,+ Куткаруучум*.+
Шилтемелер
^ Же: «Асман мейкиндиги».
^ Же балким: «ченегич жиби».
^ Же: «эскертүүсү».
^ Же: «адамга кайрадан жан киргизет».
^ Же: «нурдантат».
^ Же: «таза».
^ Же: «Көп».
^ Же: «ой жүгүртүүм».
^ Же: «мени кун төлөп сатып алуучум».