Забур 22:1—31

  • Көңүл кайт болгон учурда Кудайды даңктоо

    • «Кудайым, мени эмнеге таштап койдуң?» (1)

    • «Кийимдерим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат» (18)

    • «Жыйналышта сени даңктайм» (22,25)

    • «Жердин булуң-бурчундагылар... сага таазим кылат» (27)

Жетекчиге. «Таң маралы» деген обондун коштоосунда ырдалат. Дөөтүнүн ыры. 22  Кудайым, Кудайым, мени эмнеге таштап койдуң?+ Эмнеге мени куткарбайсың? Эмнеге жаным кыйналып кыйкырганымда укпайсың?+  2  Оо, Кудайым, күндүз чакырсам да, жооп бербейсиң.+ Түнкүсүн да үнүм басылбайт, ошентсе да жооп кайтарбайсың.  3  Бирок сен ыйыксың,+Ысрайылдын алкышына бөлөнгөнсүң*.  4  Ата-бабаларыбыз өзүңө таянган,+Сага таянгандыктан, аларды куткарып тургансың.+  5  Алар өзүңө жалбарып, аман калышкан,Сага таянып, көңүлдөрү кайт болгон эмес*.+  6  Мен болсо адам эмей эле курт сыяктуу болуп,Элге күлкү, жек көрүндү болуп калдым.+  7  Мени көргөндөрдүн баары шакаба чегишет,+Мыскылдап күлүп, баштарын чайкап:+  8  «Жахабага таянчу эмес беле, эми куткарып алсын! Аны ушунчалык эле жакшы көрсө, сактап калсын!» — дешет.+  9  Мени энемдин курсагынан чыгарган сенсиң,+Эмчектеги кезимде эле мени коргоп жүргөнсүң. 10  Төрөлгөнүмөн тартып эле сенин колуңа тапшырылгам,Энемдин курсагында жаткандан бери эле сен менин Кудайымсың. 11  Менден алыста турба, анткени кыйын учур жакындап келатат,+Сенден башка жардамчым жок.+ 12  Мени көп душман курчап алды,+Башандын күчтүү букаларындай тегеректеп алды.+ 13  Олжосун жара тарткан арылдаган арстан сымал+Ооздорун араандай ачып турушат.+ 14  Күч-кубатым суудай төгүлдү,Сөөктөрүм бири-биринен ажырап калды,Жүрөгүм момго айланып,+Көөдөнүмдө эрип жатат.+ 15  Дарманым кетип, карапанын сыныгындай какжырап калдым,+Тилим таңдайыма жабышты,+Мени өлүмгө берип, топуракка жашырдың.+ 16  Душмандарым мени иттердей болуп тегеректеп алды;+Кыянатчылдардын тобу курчап алды,+Арстанга окшоп колу-бутума азуусун салып жатышат.+ 17  Сөөгүмдүн баары саналгыдай болуп калды.+ Душмандарым көзүн албай мени тиктеп турушат. 18  Алар кийимдеримди өз ара бөлүп алып жатышат,Кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат.+ 19  Оо, Жахаба, менден алыста тура бербе,+Сен менин күч-кубатымсың, жардамга шашыл.+ 20  Жанымды кылычтан куткар,Баа жеткис өмүрүмдү иттерден сакта.+ 21  Мени арстандын азуусунан,+ жапайы букалардын мүйүзүнөн сакта,Мага жооп бер, сактай көр. 22  Сенин ысмыңды бир туугандарыма жарыялайм,+Жыйналышта сени даңктайм.+ 23  Жахабадан корккондор, аны мактагыла! Жакыптын бардык урпактары, аны даңктагыла!+ Ысрайылдын бардык урпактары, аны кастарлагыла! 24  Анткени ал эзилгендин азап-кайгысына кайдыгер караган жок,+Андан жийиркенген жок;Жүзүн буруп, жашырган жок,+Жардам сурап жалынганда, үнүн укту.+ 25  Мен сени чоң жыйында даңктайм,+Берген антымдын баарын сенден корккондордун алдында аткарам. 26  Мүнөзү жумшактар ичип-жеп, тоюнушат,+Жахабага кызмат кылгандар аны даңкташат.+ Алар түбөлүккө рахаттанып өмүр сүрүшсүн. 27  Жердин булуң-бурчундагылар Жахабаны эстеп, ага кайрылышат. Бардык элдердин уруулары сага таазим кылат.+ 28  Анткени Жахаба — Падыша,+Ал элдерди башкарат. 29  Жер жүзүндөгү байлардын баары тойлоп, ага таазим кылат;Топуракка айлана тургандардын баары анын алдында тизе бүгөт. Бири да жанын сактап кала албайт. 30  Алардын урпактары ага кызмат кылат;Жахаба жөнүндө келерки муунга айтылат. 31  Алар анын адил иштери тууралуу айтып берет. Төрөлө тургандарга анын ишин жарыялайт.

Шилтемелер

Же: «алкышына бөлөнүп тактыда отурасың».
Же: «уят болушкан эмес».