Забур 24:1—10

  • Даңктуу Падыша дарбазалар аркылуу кирет

    • «Жер... Жахабага таандык» (1)

Дөөтүнүн ыры. 24  Жер жана андагынын баары,Түшүмдүү жер жана анда жашагандар Жахабага таандык.+  2  Ал жерди деңиздердин үстүнө түптөгөн,+Дарыялардын үстүнө бек орноткон.  3  Жахабанын тоосуна ким чыга алат,+Ыйык жайында ким тура алат?  4  Арам ишке барбаган, жүрөгү таза,+Мени* оозанып жалган ант бербеген,Алдаш үчүн ант ичпеген киши.+  5  Ал Жахабанын батасын алат,+Куткаруучу Кудай аны адил* деп табат.+  6  Кудайга кызмат кылган муун мына ушундай болот. Оо, Жакыптын Кудайы, сага жаккысы келгендер ушундай болот. (Села)  7  Дарбазалар, бийиктегиле!+ Байыркы эшиктер, кененирээк ачылгыла! Даңктуу Падыша кирсин!+  8  Ал даңктуу Падыша ким? Кубаттуу, кудуреттүү Жахаба,+Майданда күчү теңдешсиз Жахаба.+  9  Дарбазалар, бийиктегиле!+ Байыркы эшиктер, кененирээк ачылгыла! Даңктуу Падыша кирсин! 10  Ал даңктуу Падыша ким? Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,Ал — даңктуу Падыша.+ (Села)

Шилтемелер

Же: «Менин өмүрүмдү». Бул Жахабага тиешелүү.
Же: «адилеттүү».