Забур 27:1—14

  • Жахаба өмүрүмдү коргогон чептей

    • «Ибадатканасын карап суктануу» (4)

    • «Ата-энем таштап кетсе да, сен... кам көрөсүң, Жахаба» (10)

    • «Жахабага үмүт арт» (14)

Дөөтүнүн ыры. 27  Жахаба — менин жарыгым,+ куткаруучум,Кимден коркмок элем?+ Жахаба өмүрүмдү коргоп турган чептей,+Ким үрөйүмдү учурмак эле?  2  Кыянатчылдар мени тытып жеш үчүн кол салганда,+Ошол душмандарым менен кастарым өздөрү мүдүрүлүп жыгылышты.  3  Аскерлер чатырын тигип, мени курчап алса да,Жүрөгүм солк этпейт.+ Мага каршы согуш ачышса да,Кудайга таяна берем.  4  Жахабадан бир нерсени сурап келем: Жахабанын сулуулугун* көрүш үчүн,Ибадатканасын* карап суктаныш үчүн*,+Өмүр бою Жахабанын үйүндө болсом дейм.+ Ушуну гана көксөп келем.  5  Башыма мүшкүл түшкөн күнү ал мени турагына калкалайт,+Жашыруун жайына, чатырына, жашырат,+Бийик зоого чыгарат.+  6  Мен тегеректеп алган душмандарыман жогору турам. Жахабанын чатырында шаттана курмандык чалам,Аны даңктап ырдайм*.  7  Оо, Жахаба, сени чакырганымда, үнүмдү ук,+Ырайым кылып, жооп бер.+  8  «Мени издегиле»,— деген буйругуңду жүрөгүмдө кайталап келем. Оо, Жахаба, сени издейм.+  9  Менден жүзүңдү жашырба,+Каардана кызматчыңан баш тартпа. Сен менин жардамчымсың,+Куткаруучу Кудайым, мени четке какпа, таштаба. 10  Мени ата-энем таштап кетсе да,+Сен кабыл алып, кам көрөсүң, Жахаба.+ 11  Мага өз жолуңда жүргөндү үйрөт, оо, Жахаба,+Туура жолдо алып жүр, анткени душмандарым курчап алды. 12  Мени алардын колуна салып бербе.+ Анткени жалган күбөлөр мага каршы чыгып,+Коркутуп-үркүтүп жатышат. 13  Көзүмдүн тирүүсүндө Жахабанын канчалык жакшы экенин көрөрүмө ишенбесем, эмне болмокмун?*+ 14  Жахабага үмүт арт;+Кайраттуу бол, жүрөгүң курч болсун.+ Ооба, Жахабага үмүт арт!

Шилтемелер

Же: «канчалык жакшы экенин».
Же: «Ыйык жайын».
Же: «ой жүгүртүш үчүн».
Же: «күү чертем».
Же балким: «Жахабанын канчалык жакшы экенин көрөрүмө бекем ишенем».