Забур 29:1—11
Дөөтүнүн ыры.
29 Күчтүүлөрдүн уулдары, Жахабаны даңазалагыла,Даңкы менен күч-кубаты үчүн Жахабаны алкагыла.+
2 Жахабага анын ысмы татыктуу болгон даңкты ыйгаргыла,Жахабага ыйык кийимчен* сыйынгыла.
3 Жахабанын үнү булуттардын* үстүнөн угулат,Даңктуу Кудайдын үнү күндүн күркүрөгөнүндөй.+
Жахаба коюу булуттардын* үстүндө турат.+
4 Жахабанын үнү кубаттуу,+Жахабанын үнү кандай укмуш.
5 Жахабанын үнү бал карагайларды сындырат,Ооба, Жахаба Лебанон* карагайларын кыйратат.+
6 Лебанон тоолорун музоодой,Сирионду+ жапайы букачардай так секиртет.
7 Жахаба үн салганда, от жарк этет.+
8 Жахабанын үнү чөлдү титиретет,+Жахаба Кадеш+ чөлүн солкулдатат.
9 Жахабанын үнүн укканда маралдар титиреп, тууп коёт,Токойлор жылаңачтанып калат.+
Анын ибадатканасында болсо баары: «Кудайга даңк!» — деп айтышат.
10 Жахабанын тактысы асмандагы көп суулардын үстүндө турат,+Жахаба падыша катары түбөлүккө тактыда отурат.+
11 Жахаба элине күч-кубат берет.+
Жахаба элин тынчтыкка бөлөп, батасын берет.+
Шилтемелер
^ Же балким: «улуу ыйыктыгы үчүн».
^ Сөзмө-сөз: «суулардын».
^ Сөзмө-сөз: «көп суулардын».
^ Ливан.