Забур 3:1—8
Дөөтүнүн Абышалом+ деген уулунан качып жүргөн убакта жазган ыры.
3 Оо, Жахаба, душмандарым эмнеге мынча көбөйдү?+
Эмнеге мага ушунча көп киши каршы чыгып жатат?+
2 Көптөр мен жөнүндө:
«Кудай аны куткарбайт»,— деп жатышат.+ (Села)*
3 Бирок сен, Жахаба, менин калканымсың,+Сен менин даңкымсың,+ башымды өйдө көтөрөсүң.+
4 Үнүмдү бийик чыгарып, Жахабаны жардамга чакырам,Ошондо ал мага ыйык тоосунан жооп берет.+ (Села)
5 Мен болсо тынч жатып, тынч уктайм,Ойгонгондо да эч нерседен коркпойм,Себеби мени Жахаба колдоп турат.+
6 Он миңдегендер туш тарабыман курчап,Мага каршы чыгышса да, алардан коркпойм.+
7 Оо, Жахаба, ордуңан тур! Оо, Кудайым, мени куткара көр!+
Сен бүт душмандарымды тумшукка урасың;Ыймансыздардын тишин талкалайсың.+
8 Жахаба, элиңди куткаруучу сенсиң.+
Элиңе батаңды төгөсүң. (Села)