Забур 31:1—24
Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры.
31 Оо, Жахаба, сени баш маана кылдым.+
Эч качан уятка калбасам экен.+
Мени куткара көр, себеби сен адилсиң.+
2 Мага кулак сал*.
Мени куткарыш үчүн шашыл.+
Мага тоодогу чептей бол,Мени сакташ үчүн сепил бол.+
3 Анткени сен аска-зоомсуң, чебимсиң,+Өз ысмың үчүн+ мага жол көрсөтүп, жетектейсиң.+
4 Мени жашыруун жайылган тордон чыгарасың,+Анткени менин сепилимсиң.+
5 Өмүрүмдү* сенин колуңа тапшырдым.+
Оо, Жахаба, чындыктын Кудайы*, мени кун төлөп куткардың.+
6 Эч нерсеге жарабаган, пайдасы жок буркандарга сыйынгандарды жек көрөм.
Өзүм болсо, оо, Жахаба, сага таянам.
7 Мени жакшы көрөрүңдү* сезип, жетине албай кубанам,Анткени тарткан азабымды көрүп келесиң,+Жаным кейип кыйналып жатканымды билесиң.
8 Мени душмандын колуна салып берген жоксуң,Коопсуз* жерге тургуздуң.
9 Оо, Жахаба, мага ырайым кыл, анткени азапка малындым.
Кайгыдан көзүм соолуп,+ бүткөн боюмдан кубат кетти.+
10 Өмүрүм кайгырып жүрүп,+Жылдарым онтоп жүрүп өттү.+
Күнөөмдүн айынан алдан тайып,Сөөктөрүм алсырап барат.+
11 Бүт душмандарыма шылдың болдум,+Өзгөчө, тегеректегилерге күлкү болдум,Тааныштарым менден коркушат;Көчөдөн жолуктурганда качышат.+
12 Мени өлгөн кишидей эсинен* чыгарып коюшту,Талкаланган кумарадай эле болуп калдым.
13 Өзүм жөнүндө көп жаман кеп-сөздөрдү уктум,Туш-туштан коркунучка кабылдым.+
Алар мага бир кишидей каршы чыгып,Жанымды алыштын амалын издеп жатышат.+
14 Оо, Жахаба, бирок мен сага таянам,+«Кудайым сенсиң»,— деп айтам.+
15 Өмүрүм сенин колуңда.
Мени душмандарымдан, куугунтукка алгандардан куткар.+
16 Кызматчыңа ырайым кыла көр*,+Туруктуу сүйүүңдү көрсөтүп, мени сактай көр.
17 Оо, Жахаба, сени жардамга чакырганда уятка калбайын.+
Ыймансыздар уят болсун,+Көргө* түшүп, үндөрү басылсын.+
18 Калпычылар тилден калсын,+Алар адил киши жөнүндө текебердене, аны жек көрө сүйлөшөт.
19 Сенин жакшылыгың кандай гана мол!+
Аларды өзүңдөн корккондорго сактап келесиң,+Сени баш маана кылгандарга баарынын көзүнчө бересиң.+
20 Аларды жаныңдагы жашыруун жайга бекитип,+Кыянаттык ойлогондордон коргойсуң.
Чатырыңа жашырып,Сөзү менен сокку ургандардан коргойсуң.+
21 Жахаба даңкталсын!
Себеби курчоого алынган шаарда+ мага туруктуу сүйүүсүн кереметтүү жол менен көрсөттү.+
22 Мен дүрбөлөңгө түшүп:
«Көз алдыңда өлүп калам»,— дедим.+
Бирок жардамга чакырганымда, зарлаган үнүмдү уктуң.+
23 Жахабага берилгендер, баарыңар аны сүйгүлө!+
Жахаба ишенимдүүлөрдү сактайт,+Ал эми бой көтөргөндөрдү катуу жазалайт.+
24 Жахабаны күткөндөрдүн баары,+Кайраттуу болгула, жүрөгүңөр курч болсун.+
Шилтемелер
^ Же: «Эңкейип, мени уга көр».
^ Же: «Мендеги өмүр демин; өмүр күчүн».
^ Же: «ишеничтүү Кудай».
^ Же: «Туруктуу сүйүүңдү».
^ Же: «Кенен».
^ Же: «жүрөгүнөн».
^ Же: «жүзүңдүн жарыгын чача көр».