Забур 34:1—22
Дөөтү Абымелектин алдында кем акыл болумуш болгондо,+ ал аны кууп жиберген. Дөөтүнүн ошондо жазган ыры.
א [Алеф]
34 Жахабаны ар убак алкайм;Оозум аны ар дайым даңктайт.
ב [Бет]
2 Мен Жахабаны айтып мактанам,+Муну угуп мүнөзү жумшактар сүйүнөт.
ג [Гимел]
3 Жахабаны мени менен бирге даңктагыла,+Анын ысмын чогуу даңазалайлы.
ד [Далет]
4 Жахабага кайрылганымда, ал жооп берди.+
Корккон нерсемдин баарынан куткарды.+
ה [Хе]
5 Ага үмүт арткандардын жүзү жаркырады,Алар бети кызарып, уят болушпайт.
ז [Зайин]
6 Бечара* чакырганда, Жахаба кулак салды.
Аны бардык азаптарынан арылтты.+
ח [Хет]
7 Жахабанын периштеси андан корккондорду коргоп турат*,+Аларды куткарат.+
ט [Тет]
8 Татып көрүп*, Жахабанын канчалык жакшы экенин билгиле,+Аны баш маана кылган киши бактылуу.
י [Йод]
9 Жахабанын ыйык кызматчылары, андан корккула,Анткени андан корккондор эч нерседен кем болбойт.+
כ [Каф]
10 Атүгүл күчтүү* жаш арстандар да ачка калат,Ал эми Жахабага кызмат кылгандар жакшылыктан куру калбайт.+
ל [Ламед]
11 Уулдарым, келгиле, мени уккула,Силерге Жахабадан коркуу деген эмне экенин үйрөтөйүн.+
מ [Мем]
12 Араңардан ким кубанып жашап,Жакшы күндөрдү көргүсү келет?+
נ [Нун]
13 Анда тилин жаман сөздөн,+Оозун жалгандыктан сактасын.+
ס [Самех]
14 Жамандыктан качып, жакшылык кылсын;+Башкалар менен тынчтыкта болгонго бүт күчүн жумшап, тынчтыкты сактаганга умтулсун.+
ע [Айин]
15 Жахабанын көзү адил кишилерди көрүп,+Кулагы алардын жардам сурап зарлаганын угат.+
פ [Пе]
16 Ал эми жамандык кылгандардан Жахаба жүзүн бурат,Жер үстүнөн алардын атын өчүрөт.+
צ [Цаде]
17 Адилдер жалынганда, Жахаба укту,+Аларды бардык азаптарынан арылтты.+
ק [Коф]
18 Жахаба жүрөгү жаралангандарга жакын,+Жан дүйнөсү кыйналгандарды куткарат.+
ר [Реш]
19 Адил кишинин кыйынчылыгы көп,+Бирок Жахаба анын баарынан арылтат.+
ש [Шин]
20 Ал анын сөөктөрүнүн баарын сактайт,Бири да сынбайт.+
ת [Тав]
21 Ыймансыз каргашадан каза табат,Адил кишини жек көргөндөр айыпка жыгылат.
22 Жахаба кызматчыларын кун төлөп куткарат,Аны баш маана кылгандардын эч кимиси айыпка жыгылбайт.+
Шилтемелер
^ Сыягы, забурчу өзү жөнүндө айтып жатат.
^ Же: «андан корккондордун тегерегине кош жаят».
^ Же: «Сынап көрүп».
^ Же: «жалы бар».