Забур 35:1—28

  • Кудайдан душмандардан куткарышын тилейт

    • Душмандар куулат (5)

    • «Калың элдин арасында сени даңктайм» (18)

    • «Себепсиз эле жек көргөндөр» (19)

Дөөтүнүн ыры. 35  Оо, Жахаба, душмандарымдан коргоп, мага болуш.+ Мени менен согушкандарга каршы согуш.+  2  Кичине калкан менен чоң калкан алып,+Мени коргогону кел.+  3  Найзаң менен ай балтаңды* алып, артыман кууп келаткандарга каршы чык.+ Мага: «Куткаруучуң менмин»,— де.+  4  Жанымды кыйгысы келгендер маскара болуп, басынтылышсын.+ Түбүмө жеткиси келгендер артка чегинип, уятка калышсын.  5  Шамал сапырган топондой болушсун,Жахабанын периштеси аларды кууп жиберсин.+  6  Артынан Жахабанын периштеси сая түшүп баратканда,Алардын жолу караңгы, тайгак болсун.  7  Анткени мага жөн жерден тор жайышкан,Жөн жерден ор казышкан.  8  Алар күтүлбөгөн жерден балээге кабылсын,Жайган торуна өздөрү түшүп калсын,Ага түшүп, өмүрүнөн айрылсын.+  9  Ал эми мен Жахабанын иштерине кубанам,Анын куткарганына шаттанам. 10  Бүт жүрөгүм менен: «Оо, Жахаба, сендей ким бар? Сен бей-бечараны күчтүүлөрдөн куткардың,+Бечара менен жакырды талап-тоноочулардан сактадың!» — дейм.+ 11  Кара ниет күбөлөр мага каршы чыгып,+Мени өзүм билбеген нерселерди кылды деп айыптап жатышат. 12  Жакшылыгыма жамандык кылып,+Мени күйүткө малып жатышат. 13  Мен болсо, алар ооруганда, таар жамынгам,Орозо кармап, жанымды кыйнагам. Алар үчүн Кудайдан тиленип, бирок тилегим жоопсуз калганда, 14  Досуман, бир тууганыман айрылгандай күйүт тартып жүргөм,Энесин жоктогон кишидей кайгыга малынып, бүк түшкөм. 15  Алар болсо мен кулаганда, кубанып, биригип алышты,Буктурмадан мага сокку уруш үчүн чогулушту;Тыным албай ушактап, мени сөзү менен бырчалап салышты. 16  Кудайдан коркпогондор мени жек көрө шылдыңдап жатышат*. Мага ачууланып тишин кычыратып жатышат.+ 17  Оо, Жахаба, качанга чейин жөн эле карап турасың?+ Мени алардын соккусунан куткара көр,+Баа жеткис өмүрүмдү жаш арстандардан* сактай көр.+ 18  Ошондо сага чоң жыйындарда ыраазычылык айтам,+Калың элдин арасында сени даңктайм. 19  Мага жөн жерден душман болгондор мени табалабасын,Мени себепсиз эле жек көргөндөр жамандык ойлоп,+ бири-бирине көз кыспасын.+ 20  Анткени алар тынчтыкка өбөлгө түзгөн сөздөрдү сүйлөшкөн жок,Тескерисинче, тынч жашагандарга каршы амал ойлонуштуруп жатышат.+ 21  Алар мени айыптап: «Ырас болду, ырас болду! Муну өз көзүбүз менен көрдүк»,— деп жатышат. 22  Оо, Жахаба, өзүң көрүп турасың, унчукпай койбо.+ Оо, Жахаба, алыста турба.+ 23  Ордуңан туруп, мени корго,Оо, Кудайым Жахаба, сот ишинде мага болуш. 24  Жахаба Кудайым, мага адил талаптарың боюнча өкүм чыгар,+Алар мени табалашпасын. 25  Ичинен: «Чала болду. Көксөгөнүбүзгө жеттик!» — дешпесин. «Аны жеп-жуттук»,— деп айтышпасын.+ 26  Башыма кыйынчылык түшкөнүнө сүйүнгөндөрдүн баарыМаскара болушсун, уятка калышсын. Мага кыйынсынгандар шылдың болуп, басынтылышсын. 27  Ал эми адилдигиме кубангандар шаттана үн салышсын,Алар тынбай: «Кызматчысынын тынчтыкта жашаганына кубанган Жахаба даңазалансын!» — дешсин.+ 28  Ошондо мен адилдигиң жөнүндө сүйлөйм*,+Сени ар дайым даңктап-мактайм.+

Шилтемелер

Же: «кош миздүү балтаңды».
Же балким: «бир кесим нан үчүн шылдыңдап жатышат».
Же: «жалы бар жаш арстандардан».
Же: «ой жүгүртөм».