Забур 36:1—12

  • Кудайдын туруктуу сүйүүсү баа жеткис

    • Ыймансыз Кудайдан коркпойт (1)

    • Кудай — өмүрдүн булагы (9)

    • «Сенин жарыгыңдын аркасы менен жарыкты көрө алабыз» (9)

Жетекчиге. Жахабанын кызматчысы Дөөтүнүн ыры. 36  Ыймансызды жүрөгүнүн тереңиндеги күнөө шыбырап азгырып турат,Көздөрүнөн Кудайдан коркуу дегенди көрбөйсүң.+  2  Ал ушунчалык өзүнө өзү корстон болгондуктанКүнөөсүн байкабайт да, жек көрбөйт.+  3  Оозунан заардуу, калп сөздөр чыгат;Түшүнүгү тайкы болгондуктан, жакшылык кылбайт.  4  Ал төшөгүндө жатканда да жамандык ойлойт,Тетири жолдо жүрөт,Жамандыкты четке какпайт.  5  Оо, Жахаба, туруктуу сүйүүң асманга,Берилгендигиң булуттарга чейин жетет.+  6  Оо, Кудай, сенин адилдигиң алп тоолордой,+Өкүмдөрүң учу-кыйыры көрүнбөгөн терең суудай.+ Оо, Жахаба, адамды да, айбанды да сактап турган бир өзүңсүң.+  7  Оо, Кудай, туруктуу сүйүүң кандай гана баа жеткис!+ Адам баласы канатыңдын көлөкөсүнө корголойт.+  8  Алар үйүңдөгү молчулукка моокумун кандырат,+Аларга берекеңдин дайрасынан ичиресиң.+  9  Өмүрдүн булагы сенсиң;+Биз сенин жарыгыңдын аркасы менен жарыкты көрө алабыз.+ 10  Өзүңдү билгендерди мындан ары да туруктуу сүйүүңдөн,+Жүрөгү тазаларды адилдигиңден өксүтө көрбө.+ 11  Мени бой көтөргөн бирөөнүн тебелешине,Ыймансыз бирөөнүн кууп жиберишине жол бере көрбө. 12  Мына, жаман иш кылгандар кулашты,Жыгылып, тура албай калышты.+

Шилтемелер