Забур 37:1—40
Дөөтүнүн ыры.
א [Алеф]
37 Жаман кишилерди көрүп капаланба*,Жаман иш кылгандарга көз артпа.+
2 Алар чөп сыяктуу тез эле куурап,+Көк чөптөй солуп калышат.
ב [Бет]
3 Жахабага таянып, жакшылык кыл,+Жер бетинде бейкут жашап, дайыма түз жүр.+
4 Жахабаны ойлоп кубанып-рахаттан,Ошондо ал жүрөгүңдөгү ой-тилектерди орундатат.
ג [Гимел]
5 Бардыгын* Жахабага тапшыр,+Ага таян, ошондо ал сага жардам берет.+
6 Адилдигиңди таңкы жарыктай,Адилеттүүлүгүңдү чак түштө жаркыраган күндөй кылат.
ד [Далет]
7 Жахабанын алдында үн катпай күт,+Аны сабырдуулук менен күт.
Арам ойлорун ишке ашырган адамды көргөндөЖаман болуп, көңүлүңдү чөгөрбө.+
ה [Хе]
8 Ачууңду тый, каарыңды бас,+Ызаланып, жамандыкка барба*.
9 Анткени жаман кишилер кырылат,+Ал эми Жахабага үмүт арткандар жерди мураска алат.+
ו [Вав]
10 Дагы бир аздан кийин ыймансыздар жок болот,+Ордун карап, аларды таппай каласың.+
11 Ал эми мүнөзү жумшактар жерге ээлик кылышат да,+Мол тынчтыкка рахаттанышат.+
ז [Зайин]
12 Ыймансыз адил кишиге жамандык ойлойт,+Ага ачууланып тишин кычыратат.
13 Бирок Жахаба ага күлөт,Анткени анын өлөр күнү келерин билет.+
ח [Хет]
14 Бей-бечара менен жакырды сулатыш үчүн,Түз жүргөндөрдү өлтүрүш үчүн,Ыймансыздар кылычын сууруп чыгышты, жааларын ийишти.
15 Бирок кылычтары өз жүрөктөрүнө сайылат,+Жаалары талкаланат.
ט [Тет]
16 Адил кишинин аз нерсесиКөп ыймансыз кишинин молчулугунан артык.+
17 Анткени ыймансыздардын колунан каруусу кетет,Ал эми адил кишилерди Жахаба колдойт.
י [Йод]
18 Жахаба кынтыксыздардын башынан эмнелер өтүп жатканын билет,Алардын мурасы түбөлүккө сакталат.+
19 Кыйын-кысталышта алар уятка калышпайт,Ачарчылык күндөрү тамак-ашы мол болот.
כ [Каф]
20 Ал эми ыймансыздар күм-жам болушат,+Жахабанын душмандары жайыттын шибер чөбүндөй куурап калышат,Алар түтүндөй тарап жок болушат.
ל [Ламед]
21 Ыймансыз карыз алат да, кайрып бербейт,Адил киши болсо колу ачык, берешен* болот.+
22 Кудайдын батасын алгандар жерди мурасташат,Ал эми каргышына калгандар кырылып жок болушат.+
מ [Мем]
23 Адамдын жүргөн жолу Жахабага жакса,+Ал анын кадамына багыт берет*.+
24 Ал чалынса да, кулабайт,+Анткени Жахаба аны колунан* кармап турат.+
נ [Нун]
25 Мен жаш элем, эми карып калдым,Бирок Кудайдын адил кишини таштап койгонун,+Же анын балдарынын нан сурап калганын көргөн жокмун.+
26 Качан сураба, андай киши карыз берет,+Ошондуктан балдарына бата тиет.
ס [Самех]
27 Жамандыктан алыс болуп, жакшылык кыл,+Ошондо түбөлүк жашайсың.
28 Анткени Жахаба адилеттикти сүйөт,Берилген кызматчыларын таштабайт.+
ע [Айин]
Аларды дайыма коргоп жүрөт,+Ал эми ыймансыздардын урпактары кырылып жок болот.+
29 Адил кишилер жерге ээлик кылып,+Жер бетинде түбөлүк жашашат.+
פ [Пе]
30 Адил кишинин оозунан акылмандык чыгат*,Тили адилеттикти сүйлөйт.+
31 Кудайынын мыйзамы анын жүрөгүндө,+Ал ага карманып, кадамы бекем болот.+
צ [Цаде]
32 Ыймансыз адил кишини аңдып,Аны өлтүрүштүн жолун издейт.
33 Бирок Жахаба аны ыймансыздын колуна салып бербейт,+Сотто да аны айыптуу деп таппайт.+
ק [Коф]
34 Жахабага үмүт артып, анын жолунда жүр,Ошондо ал сени жогорулатып, жерди мураска берет.
Ыймансыздардын кырылганын өз көзүң менен көрөсүң.+
ר [Реш]
35 Мен зөөкүр, жаман адамдын гүлдөп жатканын,Отургузулган жеринде шагын жайган дарактай өсүп жатканын көрдүм.+
36 Бирок ал көздөн кайым болуп, жок болду.+
Аны издеп, таппай калдым.+
ש [Шин]
37 Кынтыксыз кишини байкап жүр,Чынчылдан көзүңдү алба,+Анткени ал келечекте бейкут жашайт.+
38 Ал эми мыйзамды бузгандардын баары жок кылынат,Ыймансыздардын келечеги ойрон болот.+
ת [Тав]
39 Жахаба адил кишилерди куткарат,+Кыйынчылык учурунда аларга чеп болот.+
40 Жахаба аларга жардам берет, аларды куткарат.+
Аны баш маана кылышкандыктан,Аларды ыймансыздардан куткарат, сактайт.+
Шилтемелер
^ Же: «кыжырданба».
^ Же: «Жолуңду».
^ Же балким: «Ызаланба, бул жамандыкка гана алып барат».
^ Же: «кайрымдуу».
^ Же: «кадамын бекем кылат».
^ Же: «колу менен».
^ Же: «оозу акылман сөздөрдү шыбырап айтат».