Забур 40:1—17

  • Теңдешсиз Кудайга ыраазычылык билдирүү

    • Кудайдын жасаган иштерине сан жетпейт (5)

    • Курмандыктар Кудай каалаган негизги нерсе эмес (6)

    • «Оо, Кудайым, эркиңди аткаргандан рахат алам» (8)

Жетекчиге. Дөөтүнүн ыры. 40  Мен бүт үмүтүмдү Жахабага арткам*,Ошондуктан ал мага кулак салып*, жардам сурап зарлаганымды укту.+  2  Мени суусу күркүрөгөн аңдан,Сормо саздан чыгарды,Асканын үстүнө тургузду,Коопсуз жерге кадам таштатты.  3  Анан оозума жаңы ыр,+Кудайыбызды даңктоо ырын салды. Муну көрүп, көптөр кастарлоо сезимине чулганат,Жахабага таянышат.  4  Баш ийбестерге, жалганчыларга кошулбаган,Жахабага таянган киши бактылуу.  5  Оо, Жахаба Кудайым,Сен кандай көп иштерди жасадың,Биз үчүн кылган кереметтериңе сан жетпейт,Дайыма биздин пайдабызды көздөйсүң.+ Сага эч ким тең келбейт;+Ошонун баарын жар салып айткым келет,Бирок аларга эсебим жетпейт!+  6  Сен малдан чалынчу курмандыктар менен башка тартууларды каалаган жоксуң,+Мага айткандарыңды угуп, түшүнгөнгө жардам бердиң.+ Бүтүндөй өрттөлчү курмандыктарды, күнөө үчүн чалынчу курмандыктарды сураган жоксуң.+  7  Ошондуктан мындай дедим: «Мына, мен келдим. Түрмөктө* мен жөнүндө жазылган.+  8  Оо, Кудайым, эркиңди аткаргандан рахат алам*,+Мыйзамың менин жүрөгүмдө.+  9  Чоң жыйында адилдик жөнүндө жакшы кабар айтам,+Унчукпай калбайм.+ Оо, Жахаба, муну жакшы билесиң. 10  Адилдигиңди жүрөгүмө катып албайм,Ишенимдүү экениңди, элиңди куткарарыңды жарыялайм. Чоң жыйында туруктуу сүйүүң менен чындыгың жөнүндө жашырбай айтам».+ 11  Оо, Жахаба, мага кайрымдуулук кыла бер. Туруктуу сүйүүңдөн, берилгендигиңден улам мени дайыма коргой көр.+ 12  Туш-туштан мени сансыз кырсык басты.+ Кылмыштарым башыман ашып, каякка баратканымды көрбөй калдым,+Алар башымдагы чачымдан да көп;Жүрөгүмдү кайгы басты. 13  Оо, Жахаба, ырайым кылып, мени куткара көр.+ Оо, Жахаба, мага жардам бергенге шашыла көр.+ 14  Жанымды алгысы келгендердин баарыМаскара болушсун, уятка калышсын. Кырсыкка кабылганыма сүйүнгөндөр артка чегинип, басынтылышсын. 15  Мага: «Сооп болуптур! Ушуну көрмөксүң!» — дегендерУят болуп, алдастап калышсын. 16  Ал эми сага кызмат кылгандар+Сени ойлоп кубанып-шаттанышсын.+ Сенин кантип куткарганыңды көрүп суктангандар: «Жахаба даңазалансын!» — деп тынбай жар салышсын.+ 17  Мен болсо бир байкушмун, жакырмын. Оо, Жахаба, мага назар сала көр. Сен менин жардамчымсың, куткаруучумсуң.+ Оо, Кудайым, жардамга кечикпей келе көр.+

Шилтемелер

Же: «Жахабаны чыдап күткөм».
Же: «эңкейип».
Сөзмө-сөз: «Түрмөк түрүндөгү китепте».
Же: «аткаргым келет».