Забур 42:1—11

  • Улуу Куткаруучу Кудайды даңктоо

    • Марал сууну эңсегендей, мен да Кудайды эңсейм (1, 2)

    • «Эмнеге заманам куурулуп жатат?» (5,11)

    • «Кудайды күтөм» (5,11)

Жетекчиге. Корактын+ урпактарынын маскили*. 42  Марал чаңкап, сууну эңсегендей,Мен да сени эңсейм, оо, Кудайым.  2  Көңүлүм Кудайды, тирүү Кудайды, көксөп турат.+ Качан барып, анын алдында* турам?+  3  Көз жашым көл болуп, күнү-түнү ичкен тамагыма айланды;Анткени керээли-кечке мени: «Кудайың кана?» — деп шылдыңдап жатышат.+  4  Мурунку күндөрдү эстеп, жүрөгүмдөгүнү сага төгөм. Анткени ошо кезде калың элдин арасында жүрчүмүн,Кудайдын үйүнө аларды салтанат менен баштап барчумун. Баарыбыз кубанычтуу үн салып, Кудайды даңктап барчубуз. Калың эл болуп шаттана майрамдачубуз.+  5  Эмнеге заманам куурулуп жатат?+ Эмнеге ичим уйгу-туйгу болуп жатат? Мен Кудайды күтөм,+Анткени аны Улуу Куткаруучум катары дагы да даңктайм.+  6  Оо, Кудайым, заманам куурулуп жатат.+ Ошон үчүн Иордан дарыясы аккан жерден, Хермон чокуларынан,Мизар тоосунан*Сени эстеп жатам.+  7  Шаркыратмаларыңдын күркүрөгөнү угулганда,Суу туңгуюктары суу туңгуюктарын чакырат. Кыйынчылыктар долуланган толкундарың сымал мени жаба каптады.+  8  Жахаба* күндүз мени туруктуу сүйүүсүнө бөлөйт,Түнкүсүн болсо ал жөнүндө ыр ырдайм,Мага өмүр берген Кудайдан тиленем.+  9  Мен Кудайга, аска-зоомо: «Эмнеге мени унуттуң?+ Эмнеге душмандын кысымынан кайгы тартып жүрөм?» — дейм.+ 10  Душмандарым мени жек көрө* мазактап,Керээли-кечке: «Кудайың кана?» — деп шылдыңдап жатышат.+ 11  Эмнеге заманам куурулуп жатат? Эмнеге ичим уйгу-туйгу болуп жатат? Мен Кудайды күтөм,+Анткени аны Улуу Куткаруучум катары дагы да даңктайм.+

Шилтемелер

Б. а. Кудайдын үйүндө.
Же: «Жапыз тоодон».
Жахаба — Кудайдын аты. Сөздүктү кара.
Же балким: «сөөктөрүмдү талкалагандай».